Фарид Ниязов УКМКга чакырылдыбы? Атайын кызматтын жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековЗакрытое заседание фракции СДПК в Бишкеке
Закрытое заседание фракции СДПК в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ниязов буга чейин президенттин аппаратын жетектеп турган.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын мүчөсү Фарид Ниязов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетке чакырылган эмес. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Премьер-министр КР Жанторо Сатыбалдиев - Sputnik Кыргызстан
ТЭЦ чыры: экс-премьер Сатыбалдиев тергөө аяктаганча камакка алынды
Эскерте кетсек, буга чейин айрым ЖМКлар Ниязовду УКМК чакырганын жазып чыгышты.

Аталган комитеттин өкүлү Рахат Сулаймановдун айтымында, бүгүнкү күндө Ниязов менен байланышкан эч кандай тергөө амалдары пландалган эмес.

Ниязов "Апрель" коомдук фондусунун аткаруучу директору болуп саналат. Буга чейин президенттин аппаратын жетектеп, ошол учурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0