Улан, Чыңгыз, Ыргал, Эламан. Атыңыздын маанисин билесизби?

© Sputnik / Табылды КадырбековБлаготворительный концерт, приуроченный к международному дню детей в Бишкеке
Благотворительный концерт, приуроченный к международному дню детей в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар бир ата-эне өз баласын кандай сүйсө, наристесинин атына да ошончолук урмат менен мамиле жасайт. Элдик салт-санаага таянуу менен перзентине жакшы ат берүүнү максат кылат.

Атыңыздын маанисин билбей же ымыркайга ысым ыйгарууда түйшөлүп жүрсөңүз Sputnik Кыргызстан агенттигинин кыргызча ысымдар рубрикасына көз салыңыз.

Балдарга берилген 9 ысым

Улан — ата-эненин балдары удаасы менен чарчап, перзенти токтобогондо, жаңы туулган наристе атасына же өзүнөн улуу туугандарына (айрыкча агасына) улансын, жалгашсын, ээрчишсин деген максатта берилген ысым. Андан тышкары, бул атты уулу жалындаган жигит болсун деген тилеги барлар дагы коюшат.

Празднование дня защиты детей в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Нышан, Ороз, Умсунай, Ширин. Атыңыздын маанисин билесизби?
Уркаш — бул баланын артынан атка учкаша турган дагы бала келсин, алар өз атасынын артына учкашып (уркашып), чиркешип, тууган-туушкандуу болсун деген изги тилекте коюшкан. XXI кылымда мындай антропоним сейрек коюлуп бара жатат.

Чагатай — этимологиясы белгисиз, "бала" деген маанини билдириши ыктымал, ал монгол тилинде эркектин аты катары колдонулган. Дагы бир булакта "чагатай — баатыр, күчтүү, намыстуу, ыклас көңүлдүү деген маанилер менен байланышта" деп айтылат.

Чыңгыз — ысым XIII-XIV кылымдарда пайда болгон. Түрк-монгол тилдеринде "чынгыз" деген сөз улуу, күчтүү, океан, көз жеткис деген маанилерди билдирген.

Шерик — агасына жана башка туугандарына жолдош, жар болсун деп коюлат.

Шумкарбек — азыр деле Бүркүтбаев, Үкүбаев деген фамилияларды кезиктирип калабыз. Булардын алгачкы чыгышы фетишизм, тотемизм жана бара-бара эпитет менен байланышкан. Ал эми Туйгунбек, Шумкарбек деген ысымдардын жаш балдарга коюлушу элибиздеги ошол салттардын жашап келе жатканынан кабар берет.

Шамшы — мааниси — күн, нур. Элге кайрымдуу, боорукер пенде болсун деген ниетте коюлат.

Ыбрай — араб тилине еврей тилинен Ибрагим деген ысым өткөн. Мааниси — элдин атасы, уруу башчысы. Бул ысымдар араб тилинен кыргыз тилине оошкондо Ыбрайым, Ыбырай, Ыбрай болуп калган.

Эламан — эл аман болсун, эл ичинде бул бала да бар болсун деген аруу тилек менен коюлат.

Кыздарга берилчү 9 ысым

Чолпон — көктөгү планетанын аты. Аны кыргыздар Таң жылдызы, Сары жылдыз деп да аташат. Ошол себептен болсо керек, таңга жуук төрөлгөн балдарга Чолпон деген ысым ыйгарышкан. Муну менен ата-энелер жарык дүйнөгө келген наристенин жашоо жолу ушул жылдыздай жарык болсун деп тилек кылышкан.

Өспүрүм балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыяз, Кычан, Нургүл, Нуржан. Атыңыздын маанисин билесизби?
Ширин — үй-бүлөдө көп эркек баладан кийин төрөлгөн, кенже же жалгыз кызга коюлган ат. Мааниси — таттуу. Кыргыз тилине иран, тажик, перс тилдеринен оошкон.

Ыргал — бул атты кыз балага ырыскысы ыргалган, толуп-ташкан, турмуштук оор кырдаалга кабагым-кашым дебеген абалда өмүр сүрсүн деген тилек менен ыйгарышат.

Ырыс — кызга дагы, эркекке дагы ырыстуу, кешиктүү өмүр сүрсүн деген ойдо берилген ат. Кыз балдарда Ырыскан, Ырыскүл болуп өзгөрүп кетиши мүмкүн.

Элмира — жарашыктуу, жагымдуу, көркөмдүү, жамалынан жарык чачыраган аялзаты болсун деген тилек менен берилген ысым. Кыргызстанда XX кылымдын 60-70-жылдарынан баштап колдонулуп келе жатат.

Эркингүл — биринчиден, Эркинбүбү, Эркингүл деген аттарды бала турмушунда эч кимге көз каранды болбой эркин өссүн деп коюшса, экинчиден, эркинен ажыраган тууган-туушкандарына эркиндик каалаганда же эркинен ажыраган жакыны бошонуп келген учурда төрөлгөн ымыркайга ыйгарылган.

Эрке — көп уулдуу ата-эненин эркек балдарынын арасында жалгыз кыз бала болсо, дайыма агаларынын арасында эрке өссүн деген максатта тандалган ат.

Элшат — жашоодо кыйналып-кысталбай, оору-сыркоого учурабай, көңүлү көтөрүңкү маанайда жашасын деп көбүнесе кыздарга, айрым учурда эркек балдарга берилчү ысым. Ал ХХ кылымдын акыркы жылдары пайда болуп, Кыргызстандын бардык аймагында азыркы учурда активдүү пайдаланылып келе жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0