Кайнатамдын мойнунда отургандан тажадым... Өзүн күч күйөө сезген жигиттин арманы

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүБала көтөрүп турган адам. Архив
Бала көтөрүп турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бу жолку чыгарылышында өзүн күч күйөө сезген жигиттин баянын айтып беребиз.

Город Париж - Sputnik Кыргызстан
Күйөөм көзүмө чөп салып жүрүптүр. Мындан ары кантип жашайм?
Саламатсыздарбы! Азыр үй-бүлөм менен намысымдын ортосунда чайналып турган чагым. Жубайым экөөбүз беш жыл мурда кадимкидей той, шааан-шөкөт менен баш кошконбуз. Үлпөт тоюбузда кайнатам Бишкектен эки бөлмөлүү батир белек кылган. Ошондогу кубанганымды айтпагыла, жаш экемин. Ал батир мен үчүн капаска айланарын аңдаган жокмун да. Кайын журтум колунда бар адамдар. Кара-Балта шаарында жашап, ошол жерде ишкерлик кылат. Бишкекке жумуштап келгенде биздикине токтошот. Мен анысына деле каршы эмесмин, кайнатам менен кайненем түшүнүктүү кишилер, мамилебиз жакшы. Ушул убакка чейин бир дагы жолу биз үй алып бердик дегенсип, кыр көрсөткөн жок. Келинчегим дагы бул тууралуу кеп козгобойт. Андыктан, үй-бүлөлүк турмуштун төрт жылын жыргап-куунап жашадык. Өзүм жеке компаниялардын биринде иштедим. Ал жактан тапканым үй сатып алганга жетпейт, бирок күнүмдүк турмушубуз тың эле өтүп жатты. Эки балалуу болдук.

Бирок туура бир жыл мурда ден соолугума байланыштуу жумушумду таштоого туура келди. Операция жасатып, улам ооруканага көрүнүп жүрүп 3-4 айда сакайдым. Ошондон бери туруктуу жумуш таппай келем. Анча-мынча топтогон акчабыз түгөндү. Келинчегим дагы балдар менен үйдө отургандыктан, каражат тартыштыгы аябай эле билине баштады. Өзүмдүн ата-энем бир аз беримиш болот, бирок өздөрүнүкү деле ашып-ташып жаткан жок. Айласыздан жарым жылдан ашык убакыт кайнатамдын мойнуна "миндик". Же мага жумуш табылбайт…

Приют для женщин, пострадавших от домашнего насилия в пригороде Москвы - Sputnik Кыргызстан
Өзүм үчүн төрөп алгам, бирок, кызым мени жек көрүүдө. Бишкектик айымдын муңу
Жакындан бери кайнежемдин мага мамилеси бузула баштаганын байкадым. Атургай бир жолу келинчегиме "муну кармап эмне кыласың, кетсин да. Өзүңдүн үйүң бар, балдарга ата-энебиз жардам берет. Өзүң иштейсиң, ээн-эркин жашайсың" деп кеңеш берип жатканын капысынан угуп калдым. Жубайым эжесин кубаттап сүйлөгөн жок, бирок мен аны өзүнчө эле жек көрө баштадым. Келинчегим унчукпаса деле өзүмчө туталанам. Ошонун айынан бир нече жолу уруша кетип, акыркысында үйдөн чыгып кеткем. Азыр досумдун үйүндөмүн. Үй-бүлөмдү аябай сагындым. Барайын десем намыс жол бербейт, барбайын десем, аларды жоготуп алуудан корком. Кандай кылсам…

Айзада Танаева, үй-бүлөлүк психолог:

— Сиз өзүңүздү үй-бүлөлүнүн күчтүү, толук кандуу кожоюну сезе албай жатасыз. Анткени жубайыңызга тиешелүү "аймакта" күн кечирип келиптирсиз. Өзүңүздү ыңгайсыз сезип, чүнчүп кеткениңиз нормалдуу көрүнүш. Анткени эркек жаратылышта тапкыч, куруучу, коргоочу болуп эсептелет.

Негизи эркектик намыс өтө күчтүү нерсе, анын айынан үй-бүлө бузулуп калышы мүмкүн. Бирок мен сизди намысты кечип кетиңиз деп үндөбөйм.

Аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Уул-келиним менен чогуу тургум келбейт, бөлүп да кое албайм. Эненин арманы
Менимче сиз үй-бүлөнү дагы, жигиттик кадыр-баркты дагы сактап калуу үчүн ижарага болсо дагы башка батирге чыгып, ал жакка үй-бүлөңүздү алып кетишиңиз керек. Ижара акысын сөзсүз өзүңүз төлөңүз. Ошондо гана сизде "менин үйүм, менин мыйзамым" деген ишенимдүү сезим пайда болот. Мындан улам өзүңүздү күчтүү, керектүү сезип, үйүңөргө мурдагы гармония орнойт. Жубайыңыз экөөңөрдүн ортоңорго мурдагы жылуулук, мээрим кайтат.

Бул маселени создуктуруп жүрө берсеңиз, ой басып, энергия азайып, өзүңүзгө болгон бааңыз түшө берет. Ал эми бул нерсе жакшы жумуш табууга бир топ тоскоол болот.

Сизди сынга алган кайнежеңизге азыр таарынып жатканыңыз байкалууда. Бирок бара-бара ага карата, тескерисинче, ыраазычылык сезимдери пайда болушу мүмкүн. Анткени сиз анын сөзүнөн кийин жашооңузда бурулуш жасап, жаңы нерсеге умтула баштадыңыз. Убакытты көп өткөрбөй, жаңы жумуш жана батир издей баштаңыз. Жубайыңыз мурун-кийин сизге каршы сүйлөбөгөн болсо, анын ушул тапта сизди күтүп жатканында күмөн жок.

Эгер "Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын алкагында бугуңузду чыгарып, кеңеш алгыңыз келсе, news@sputnik.kg дарегине "Адиске анонимдик кайрылуу" деген белги менен кат жолдоңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0