Башкы прокуратура бир ай бою WhatsApp аркылуу элдин суроосуна жооп берет

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүWhatsApp тиркемеси. Архив
WhatsApp тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келип түшкөн суроолор Башкы прокуратуранын борбордук аппараты менен аймактагы органдарынын кызматкерлерине берилет.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Башкы прокуратура жарандар үчүн "Укуктук колдоо" аттуу тынымсыз байланыш киргизет. Анда эл 25-июндан 25-июлга чейин WhatsApp аркылуу өз суроолорун узата алат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, аталган убакыт ичинде тынымсыз байланыш сынамык долбоор катары иштейт.

"Укуктук колдоо" жарандардын суроолоруна ыкчам түрдө жооп берүүгө багытталган", — деп айтылат маалыматта.

Келип түшкөн суроолор Башкы прокуратуранын борбордук аппараты менен аймактагы прокуратура органдарынын кызматкерлерине берилет.

Жарандар өз суроолорун +996 550 75 39 77 номери аркылуу WhatsApp менен жибере алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0