Депутат: Нарын — Торугарт жолунун Кызыл-Белинде жер көчүп жатат

© Фото / пресс-служба МЧС КРОползень на участке автодороги Бишкек — Ош в районе Кара-Суу
Оползень на участке автодороги Бишкек — Ош в районе Кара-Суу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү жолду сапаттуу кылып салууну өкмөткө сунуштады.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Баатырбеков Нарын — Торугарт жолунун Кызыл-Бел бөлүгүндө жер көчүп, төшөлгөн асфальттар чөгүп жатканын айтты.

Анын айтымында, аталган жол салынгандан бери эле жыл сайын оңдолуп келе жатат.

"Бул жол салынып жатканда Кызыл-Белден өткөн жерди башка жакка көчүрүү, которууну сунуштадым эле. Бирок ал эске алынган эмес. Эми жылына көп каражат бөлүп оңдоп жатабыз", — деди ал.

Баатырбеков өкмөткө акча коротпой, жолду түбөлүктүү кылып жасоону караштырышы керектигин белгиледи.

Кол чатыр көтөргөн кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шашылыш билдирүү! Жума аягына чейин күндүн көзү ачылбайт
Ошондой эле эл өкүлү Жылдыз Мусабекова 23-майда Аксай, Кындага жааган кардан улам Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылынын 15 үй-бүлөсүнүн 300дөн ашык мал-жандыгы кырылганын айтты. Учурда жабыркагандарга өкмөт тарабынан эч кандай жардам болбой жатканын белгиледи.

"Азыр жабыркагандар акимге, облус башчысына барып арызданышууда. Бирок алар кол куушургандан башка эч нерсе дей албай жатат. Өкмөт жабыркаган малчыларга жардам беребиз же бербейбиз деп так айтса жакшы болот эле", — деди депутат.

ӨКМдин берген маалыматы боюнча май айынын аягында Ысык-Көл менен Нарынга жааган кардан Ысык-Көл облусунда жалпысынан 364 кой, үч жылкы, үч кулун, бир уй жана төрт торпок өлгөн. Ал эми өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү алдын ала маалыматтар боюнча 424 кой өлгөнүн кабарлады.

Нарында болсо 200 кой өлүп калса, 600 майда жандык изделип жатканы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0