Суракты видеобайланыш менен жүргүзүүнү карап жатышат. Долбоор

Жазылуу
ЖАМКтан көрсөтмө берүү үчүн эми милициянын башка бөлүмүнө убара болуп барбай калышат дешти.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Кыргызстанда күбөлөр менен жабырлануучуларды видео байланыш аркылуу суракка алууну киргизүүнү пландап жатышат. Бул туурасында токтом долбоорду Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат сунуштаганы өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Эгерде документ кабыл алынып калса, сот жана тергөөчү убакытты үнөмдөп, суракты видеобайланыш аркылуу жүргүзөт. Мында күбө менен жабырлануучунун коопсуздугу да жакшы сакталаары айтылган.

Суракка алынган адам тартип коргоо органдарынын жакынкы бөлүгүнө келип, ал жердеги камеранын жардамынын негизинде башка райондо же имаратта иштеп жаткан тергөөчү менен байланыша алат.

Тергөөчү аралыктан туруп суракка алуунун алдында жагдай тууралуу маалымат топтойт.

Президент КР Сооронбай Жээнбеков встретился с семьями погибших, пострадавших лиц и участников народной Апрельской революции 2010 года - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков соттук-укуктук реформаны тездетүү үчүн жаңы Жарлыкка кол койду
Ошол аймактагы тартип коргоо органынын жетекчиси 24 сааттын ичинде тажрыйбалуу деген кызматкерине видеобайланыш аркылуу сурак жүргүзүүнү уюштурууга тапшырма берет. Ошентип, башка жактан иштеп жаткан тергөөчүгө аралыктан туруп суракка алууга мүмкүнчүлүк жаралат.

Видеоконференция жабдуулар орнотулган атайын бөлмөдө өтөт да, жазылып турат.

Эгерде күбөнү коргоо муктаждыгы жаралса, видео байланыш учурунда анын үнү жана кебетеси өзгөртүлүп көрсөтүлөт. Бул үчүн атайын техникалык ыкмалар колдонулат.

Эгерде бул токтом кабыл алынса, анда өкмөт тартип коргоо органдарынын атайын техникалар менен камсыз кылышы керек.

Токтом колдоого алынса, 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0