"Катын" десе капаланбаңыз, "селки" десе секирбеңиз. Аялзаттын аталышы

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук кийим кийген кыз. Архив
Улуттук кийим кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиевдин айтымында, илгери кыздарды "такыячан кыз, үкү топучан кыз" деп баш кийимине карап сыпатташкан. Азыр ал түшүнүктөр эскирип "чоң кыз", "күйөөгө тийген кыз" деп мүнөздөлүп барат.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Бүгүн "Тибиртке" рубрикасында аялзаттын турмуштагы ордун көрсөткөн аталышын сунуштамакчыбыз.

Сөздөрдү чечмелгенге жардам берген филолог Ишенбек Султаналиев айрым аталыштар кыргыздын нукура сөзүнөн, кээси араб, перси тилдеринен келиши мүмкүндүгүн жана бул боюнча терең изилдегендер жок экендигин белгиледи.

Кыз бала — жалпы түшүнүк. Маселен "менин эки эркек жана эки кыз балам бар" деп айтылышы мүмкүн. Кээде турмушка чыга электерди сыпаттап жүрүшөт;

Секелек — 9-10 жашка чейинки кыз;

Селки, бийкеч — 14-15 жашка чейинки кыздарды сыпаттайт;

Аялзатынын 15 жашынан тарта турмушка чыкканга чейинки мезгилин кыз деп аташат.

Кыргызстандын желегин көтөргөн спортчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пенчак силат, ушу-саньда. Маанисин билесизби? Спорттук терминдердин түшүндүрмөсү
Колукту — кайын-журту менен кудалашып койгон, башкача айтканда нике түнгө чейинки убак;

Келин — кыргыздын нукура сөзү. "Кел, келип башыңды ий" деген сөз. Башка бүлөгө барган кызды атайт;

Карындаш — бир карындан чыкты дегенди билдирет. Бизде адатта эркектер гана кыздарды карындашым десе, коңшу өзбек калкынын эркектери бирин-бирин карындаш дейт;

Эже-сиңди — улуу жана кичүү аялзаты бири-бирин айтат;

Жеңе — келиндин кайын-журтундагы кичүүлөрдүн урматтап, тергеп кайрылуусу;

Аял — турмуш куруп, балалуу болгон чак;

Айым — араб сөзү болушу мүмкүн. Аялдын синоними. Турмушка чыга элек кыздарга колдонгонго болбойт;

Жубай — жуп деген сөздөн келип чыккан. Жуп эки нерседен турат, демек аялым дегенди билдирет;

Жесир — күйөөсү каза болгон аял;

Жубан — күйөөдөн чыккан, башы бош аял;

Зайып — иран, араб тилдеринен келип "аял" дегенди билдирет;

Торжественное мероприятие, посвященное 220-летию Тайлак-баатыра - Sputnik Кыргызстан
Ултаң, кырмызы, чукак... Эски сөздүн эбин таба аласызбы?
Катын — бизде катын деп атаган орой угулганы менен, түрк элдеринде "катын" (хатун) бийик даражаны билдирип, кадыр-баркка ээ болгон аялды айткан.

Кемпир — катардагы карыя адам;

Байбиче — кадыр-барктуу, урматтуу, коомдо орду бар инсан;

Токол — байбичеден кийин бүлөгө кошулган адам, башкача айтканда кимдир бирөөнүн экинчи, үчүнчү аялы;

Апа, эне — балалуу болгондон кийинки макам;

Чоң эне, чоң апа — уулдун балдары айтат;

Таене — кыздын балдары айта турчу сөз;

Таеже — бир тууган эже-сиңдинин балдары кайрылат;

Таажеңе — эненин бир туугандарынын аялына кайрылуу;

Кайнене — бала-чакасы турмуш куруп күйөө балалуу же келиндүү болгондо ээ болгон макам.

Жаңылыктар түрмөгү
0