Президенттин аппараты райондор аралык сотторду жойгону жатат

© AFP / Gil Cohen Magen/POOLМолоток судьи.
Молоток судьи. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперттик топтор соттор тууралуу мыйзам долбоорлорун гана эмес, өлкөгө зыян келтирген коррупционерлерди "кустуруу" механизмин дагы иштеп чыгуусу зарыл.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Кыргызстанда райондор аралык сотторду жоюп, алардын функциясын райондук сотторго өткөрүп берүү пландалып жаткандыгын өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

17-майдагы Соттук реформа кеңешинин чечимине ылайык эки эксперттик жумушчу топ түзүлдү. Алар бул жааттагы процедураларды жөнөкөйлөтүүгө шарт түзгөн мыйзам долбоорлорун иштеп чыкмакчы.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Жээнбеков: соттук реформаны ишке ашыруу — артыкчылыктуу багыт
Ошондой эле аталган топтор кылмыш жасаган адамдардын келтирген зыяндын ордун толтуруусунун механизмдерин жазык жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтүнүн өтүшүн эске алуу менен иштеп чыгуусу зарыл.

Бул эксперттик жумушчу топ президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басарынын буйругу менен түзүлдү.

Эксперттик жумушчу топтордун курамына КРдин аткаруу, сот бийлик бутактарынын, көзөмөлдөө жана укук коргоо органдарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү киргизилди.

Аталган эксперттик жумушчу топтордун жыйындарын чукул арада өткөрүү болжолдонууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0