"Өлбөс полкко" чабуул жасалмак! УКМК атайын операциялар тууралуу

© Sputnik / Табылды КадырбековДень открытых дверей в бригаде спецназа "Пантера"
День открытых дверей в бригаде спецназа Пантера - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Террордук уюмдардын лагерлеринде согушкерлерди жалгыздап согушууга даярдап, жардыруучу түзүлүш менен иштөө үйрөтүлүп, унаа айдоо ыкмалары иштелип чыгууда.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Кыргызстандын атайын кызматтары жүргүзгөн операциялар тууралуу Террорчулукка каршы борборунун директору, Улуттук коопсуздук боюнча мамелкеттик комитеттин жетекчи орун басары Асылбек Кожобеков ЕАЭБ өлкөлөрү катышып жаткан террорчулукка каршы форумда айтып берди.

Анын пикиринде ушу тапта "Ислам мамлекетинин" бир бөлүгү болгон "Вилаят Хорасан" уюмунун Афганистанда өз позициясын бекемдеп жатышы өзгөчө кооптуулук жаратууда. Бүгүнкү күндө террордук уюмдардын лагерлеринде согушкерлерди жалгыздап согушууга даярдап, жардыруучу түзүлүш менен иштөө үйрөтүлүп, унаа айдоо ыкмалары иштелип чыгып жатканы айтылып келет.

"УКМК террорчулукка каршы күрөшүп жатат. Атайын тапшырма менен Кыргызстанга келген 11 согушкер кармалды", — деди Кожобеков.

День открытых дверей в Национальной гвардии Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Террорчулар Кыргызстандын эмнесине кызыгып жатканы айтылды
Ал жүргүзүлүп жаткан операциялардын алкагында россиялык кесиптештер менен Москва, Санкт-Петербург жана Екатеринбург шаарларында төрт теракты алдын алынганын кошумчалады.

"Ал жакта кылмышкерлер 9-май күнү "Өлбөс полкко" чабуул жасамак. Андан сырткары, Жаңы жылды майрамдоо учурунда Москва менен Санкт-Петербургда метродогу жардырууну алдын алдык", — деди адис.

Кожобеков өлкөдө аскердик-патриоттук клубдарды түзүү муктаждыгы жаралганына токтолду.

Жаңылыктар түрмөгү
0