Кыргызстанда июндун аягына чейин катуу шамал болот. Климатологдун божомолу

© Sputnik / Табылды КадырбековПоследствия сильного ветра в Бишкеке
Последствия сильного ветра в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис Кыргызстанда бороондуу шамал эч качан болбой турганын айтты.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Кыргызстанда катуу шамалдар көбөйдү деп айтууга болбойт. Бул тууралуу Кыргыз-Россия славян университетинин метеорология, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо кафедрасынын башчысы Андрей Подрезов Sputnik агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, ӨКМ акыркы айларда эле катуу шамал болору тууралуу бир нече билдирүү тараткан.

Подрезовдун айтымында, Кыргызстан негизинен катуу шамал көп болбогон аймактарга кирет. Бирок жыл ичинде бороон-чапкын болчу эки учур бар. Ал ысык жана муздак абанын алмашуусу өлкө аймагы аркылуу өткөн мезгилге туш келет

"Шамалдын биринчи мезгили апрелден тарта июнь айына чейин уланат. Экинчиси сентябрь, октябрь айларына туура келет. ӨКМ катуу шамал тууралуу билдирүүлөрдү дал ушул айларда таратат. Бирок муну менен Кыргызстанда бороон көбүрөөк боло баштады деп айтууга болбойт", — деди адис.

Ошондой эле Подрезов Кыргызстанда катуу шамал болбой турганын, бул океандын үстүндө пайда болуп, анын жээгинде гана болчу табигый кубулуш экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0