Кыргызстандык айдоочулар бир жумада 13 миллион сом айыпка жыгылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кайгуул кызматкери. Архив
Жол кайгуул кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө боюнча 672 унаа айып короого киргизилген.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Кыргызстан боюнча 8-12-июнь күндөрү 23 миңден ашуун айдоочу жол эрежесин бузуп, 13 миллион сомго чукул айыпка жыгылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) маалымат кызматынан билдиришти.

Алардын ичинен:

— 815 айдоочу жол чырактын кызыл күйүп турганына карабай жүрүп кеткендер;

— 5410 айдоочу коопсуздук курун курчанган эмес;

— 160 айдоочу унааны мас болуп алып башкарган;

— 4422 айдоочу жол белгилерин эске алган эмес;

— 73 айдоочу унаанын айнегин караңгылатып алган;

— 3059 айдоочу жогорку ылдамдыкта жүргөн;

Булардын ичинен 672 унаа айып короого киргизилген.

Жыйынтыгында 23 226 айдоочу жол эрежесин бузуп, болжол менен 13 250 000 сом айыпка жыгылганы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0