ТИМ: кырсыктаган таксистке укуктук- консультациялык жардам көрсөтүлөт

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүТакси автоунаалары. Архив
Такси автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кылмыш иши козголуп, окуянын чоо-жайы такталууда.

БИШКЕК, 17-Июн. — Sputnik. Москвада жөө адамдарды сүзүп алган кыргызстандык айдоочунун ишин КРдин Тышкы иштер министрилиги көзөмөлгө алды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, учурда элчилик кармалган жаран менен кезигүүгө аракет көрүүдө.

"Жол кырсыгы боюнча кыргызстандык жаранга тагылган күнөөнүн объективдүү болушуна Тышкы иштер министрлиги жана элчилик болгон аракеттерин көрөт. Москвадагы элчиликтин кызматкерлери тактоо иштерин жүргүзүп, кармалган жаран менен жолугушууга аракеттерди көрүп жатат. Кармалган жаранга сөзсүз түрдө укуктук-консультациялык жардам көрсөтүлөт. Бул ишти министрлик көзөмөлгө алды", — деп билдиришти.

Обвиняемый в камере. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
20 саат уктабай калгам. Кыргызстандык таксисттин көрсөтмө берип жаткан видеосу
Эске сала кетсек, 16-июнда Москванын Ильинка көчөсүндөгү 5/2 үйдүн жанынан жөө адамдарды такси унаасы коюп, сегиз адам жабыркаганы айтылган. Жол кырсыгынан Россия, Мексика, Азербайжан жана Украинанын жарандары жабыркаган. Андагы унаанын айдоочусу Кыргызстандын 1990-жылы туулган А. уулу Ч. аттуу жараны экени тастыкталган.

Учурда окуя боюнча Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгы Кылмыш жаза кодексинин 264-беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, окуянын чоо-жайы такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0