Күйөөм көзүмө чөп салып жүрүптүр. Мындан ары кантип жашайм?

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүГород Париж
Город Париж - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында жолдошу көзүнө чөп салып жүргөн келиндин тагдыры баяндалат.

Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

Жолдошум башка кыз менен сүйлөшүп жүргөнүн жакында эле билдим…

Приют для женщин, пострадавших от домашнего насилия в пригороде Москвы - Sputnik Кыргызстан
Өзүм үчүн төрөп алгам, бирок, кызым мени жек көрүүдө. Бишкектик айымдын муңу
Тааныш, тууган, элдин айтымында экөөбүз "таттуу түгөйлөрдөн" болчубуз. Анын мага жасаган мамилеси, сыйы, сүйүүсү, айтор, баары идеалдуу эле. Мен да жакшы көрчүмүн.

Жолдошумдун айланчыктап жанымда жүрүшү, көзүмдү карап сыйлап турганы көпчүлүккө жага берчү эмес. Айрыкча кайын-журтума. Экөөбүздү ажыраштырганга аябай эле аракет кылышты. Бирок жолдошум аларга дайыма "биз бактылуубуз, андан башка эч нерсенин кереги жок" деп көп айтчу.

Ошентип эки балалуу болдук, бактылуу турмушубуз уланып жатты. Үйдө отурганда күйөөм эч нерседен кем кылбай "сен сулуу болуп турушуң керек" деп кийим-кечемен бери алып берип бакты. Өзү да жакшы кызматта иштейт.

Балдарымды торолтуп алып жумушка да чыктым.

Мен күйөөмдүн телефонун обу жок текшере берчү эмесмин, ага негиз да жок эле. Бир күнү жолдошум душка кирип кеткенде бирөө чалды. Кечке чырылдай бергенинен трубканы алайын десем өчүп калды. Бир убакта "качан келесиң, күтүп атып чарчадым, сагынып да кеттим" деген билдирүү келди…

Үстүмөн бирөө муздак суу куйгандай эле катып туруп калдым. Андан мурунку билдирүүлөрүн окуй баштадым. Көрсө ал кыз менен көптөн бери эле сүйлөшчү экен. Мен ал учурдагы абалымды сөз менен айтып түшүндүрө албайм… Телефонду ордуна коюп билмексен киши болуп ашканага барып калдым. Күйөөм душтан чыгып адатынча мени келип бир өөп, балдары менен ойноп "мен жумуштар менен бир жакка барып келе калайын" деди. Унчуккан жокмун, кармаган колунан иренжип араң турдум. Баягы мен сүйгөн адам жок, бир заматтын ичинде чоочун кишиге айланды. Ал чыгары менен кийимдеримди жыйнап балдарды алып унчукпай төркүнүмө жөнөп кеттим. Жолду катар ызаланып ыйладым, ишенгим келген жок, өзүмдү эч кимге керегим жоктой сезип бараттым. Күчтүүмүн деп ойлочумун бирок алсыз экенимди ошондо сездим. "Жолдошумдун башка бирөөнү таап алышына эмне себеп болду" деген ой мени санаага салды.

Бишкекский дом-интернат для престарелых - Sputnik Кыргызстан
Кемпиримдин ордун бала толуктай албайт экен. Жесил абышканын арманы
Ата-энеме барып эмне болгонун деле айткан жокмун. Бир-эки күн өткөндөн кийин балдарым "аталай" баштады. Күйөөм болсо ошол эле күнү чалган, бирок сүйлөшпөй койгом. Эптеп төркүнгө бир жума баттым. Күндө кечирим сурап келе берип, анүстүнө балдарым инимдин балдары менен уруша бергенинен акыры үйгө кайттым. Жарашаардын алдында "сага анча эмне болду, эмне себептен башка кыз менен сүйлөштүң" деп сурасам, "сен мага көңүл бурбай калганыңан кызгантып көрөйүн дегем" деп жооп берди.

Бул жооп да мени дендароо кылды.

Азыр бирге жашап жатабыз. Ажыраша да албайт элем. Бирок жашоо баштагыдай эмес. Мурдагыдай бактылуу күндөрдү өткөрүп, баарын унутуш үчүн эмне кылыш керек? Негизи мындай нерсенин унутулушу мүмкүнбү? Же өмүр бою ушинтип кыйналып өтөмбү?..

Перизат Асылбаева, "Данакер" үй-бүлө бекемдөө борборунун психологу

Ар бир үй-бүлөдө кризистик этаптар болот. Биринчи кризистик этап үйлөнгөндөн кийин 2-3-жылдан соң башталышы мүмкүн. Анда жубайлар жаңы балалуу болуп, аялы күйөөсүнө көңүл бура албай, үй жумуштары, бала менен алагды болуп калат. Ошондо эркектер башка адамдан жылуу мамиле издеп башташы мүмкүн. Эгер мындай учурда жубайлар бири-бирине жетишерлик көңүл бурса, кырдаалдан жөн эле чыгып кетет.

Питейные заведения Москвы - Sputnik Кыргызстан
Балам жапжаш туруп ичкиликке ооп кетти... Арактын азабын тарткан эненин бугу
Орто куракта, улгайып калганда да үй-бүлө кризистик кырдаалга дуушар болот. Орто куракта эркектер картайгысы келбей жаш курагы менен күрөшүп, дараметин текшерип көрүш үчүн кыздар менен сүйлөшүп же мамиле кура баштайт.

Мындан сырткары, балдары өзүнчө үй-бүлө куруп кеткенде жалгыз калган жубайлар да кыйын кырдаалды башынан өткөрүп жүрүшөт. Себеби алар буга чейин балага эле байланып башка эч нерсе менен алек болгон эмес. Ошондуктан аялдын да, күйөөсүнүн да кызыкчылыктары бир болуп турушу зарыл.

Бизге кайрылган келин менен жолдошу биринчи кризистик этапка туш болуптур. Экөө тең жумушта, бири-бирине көңүл бура албай, мамилелери сууп баштаган.

Бирок үй-бүлө бардык нерседен биринчи кезекте турат. Аны сактап калыш үчүн ар түрдүү ойго алдырып жибербей акыл калчап, тийиштүү адистерге кайрылып убагында чечип алган оң. Анын үстүнө ортодо балдар бар экен.

Жолдошуңуз менен сезим, мамилеңер тууралуу ачык сүйлөшүп алгыла. Себеби ажырашкан оңой эмес. Экинчи жолу үй-бүлө куруу андан татаал.

Телефон кармап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күйөөм эмес, WhatsApp менен жазышкан жигит жакын сезилет. Келиндин жан сыры
Күнөө бир адамдан кетпейт, күйөөңүздүн башка адам менен мамиле курушуна өзүңүз да себепкер болушуңуз мүмкүн. Үй ээси "көңүл бурдурайын дегем" деп айткан турбайбы. Балким чындыгында эле сиз иштегенден бери ага мурдагыдай мамиле кылбай калгандырсыз. Ал өзүңүзгө билинген жок да. Буга чейин сизди сүйүп, сыйлап, ата-энесинин каршылыгына карабай алган бала эми деле сизди талаага таштап кетиши мүмкүн эмес. Бул жашоонун бир сыноосу.

Эсиңизде болсун, идеалдуу адам жок, сиз башка бирөө менен бүлө курган менен ал күйөөңүздөн жаман болуп калышы мүмкүн. "Колдо бар алтындын баркын бил" деген жакшы сөз бар. Күйөөңүз сизди урбаса, кордобосо болгон нерсени алып келип, көзүңүздү карайт экен. Ортодогу сүйүүнүн бекем болушу үчүн, үй-бүлөнүн бекемдиги үчүн сиз да аракет кылыңыз.

Эгер "Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын алкагында бугуңузду чыгарып, кеңеш алгыңыз келсе, news@sputnik.kg дарегине "Адиске анонимдик кайрылуу" деген белги менен кат жолдоңуз.

 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0