Айт маарек болсун! Жээнбеков кыргызстандыктарды куттуктады

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПраздничный Айт-намаз, посвященный Курман айт на Старой площади Бишкека
Праздничный Айт-намаз, посвященный Курман айт на Старой площади Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков элге ынтымак, биримдик жана молчулук каалаган.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды орозо айт менен куттуктап, мамлекеттин күн сайын алдыга карай өнүгүүсүнө ар бир жарандын салым кошуусу керектигин айтты. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Орозо айында береке жаап, муктаждарга садага берилип, таза тилек менен жасалган иштер арбын болду. Жан дүйнөбүз арууланып, ак ниетибиз менен адал иштерди аткарып, бири бирибизге жакшылык тартуулаганга умтулдук. Ардактуу мусулмандар! Кармаган орозоңуздарды Жараткан кабыл кылсын! Бул айда жасаган жакшы иштерибиз коомубуздун ынтымагын бекемдесин!", — айтылат куттуктоодо.

Жээнбеков элге ынтымак, биримдик жана молчулук каалаган.

"Кыргызстаныбыздын күн сайын алдыга карай өнүгүүсүнө ар бирибиз салым кошолу!", — деген президент.

Кыргызстанда 2018-жылы орозо 17-майда башталып, 14-июнда аяктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0