Бишкек ТЭЦине көмүр ташыгандардын кызмат акысы эмнеге көтөрүлбөй жатканы айтылды

© © SputnikЗабастовка водителей, которые доставляют уголь на Бишкекский ТЭЦ
Забастовка водителей, которые доставляют уголь на Бишкекский ТЭЦ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оор жүк ташуучу унаанын айдоочулары кызмат акынын төмөндүгүнө нааразы болуп иш ташташкан.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Бүгүн Балыкчы шаарынын мэриясында Бишкек ТЭЦине көмүр ташыган айдоочулар менен мекеме жетекчилери жолугуп, кызмат акысы боюнча маселени талкулашты. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.

Белгилей кетсек, жүк ташуучу унаалар менен Бишкек ТЭЦине Кара-Кече — Балыкчы каттамы боюнча көмүр ташыган жергиликтүү айдоочулар кызмат акысын көтөрүп берүнү талап кылып, 20 күндөн бери ишке чыкпай коюшкан

Жыйындын жүрүшүндө Монополияны жөнгө салуу агенттигинин Нарын облустук бөлүмүнүн башчы Данияр Үсөнов транспорттук чыгым боюнча айдоочулар арасында сурамжылоо жүргүзүлүп, ошонун негизинде орточо эсеп чыгарылганын айтты.

"КамАЗ жана Howo унаалары менен бир тонна көмүрдү Кара-Кечеден Балыкчыга ташып жеткирүүдө транспорттук чыгым 1136 сом болууда. Биздин коюп берген 1270 сомдук баа талапка туура эле келет экен. Маселе ортомчу фирмада болуп жатат. Себеби тендерден уткан фирмалар жүк ташуучу унаанын ээелерине 800-850 эле төлөшөт. Айдоочулар ортомчу фирмалар менен сүйлөшүүсү керек", — деди Үсөнов.

Ал эми Өнөр жай, энергетика жана тоо-кен боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Сүйүнтбек Аликеев мамлекет жеке менчик фирмалар менен гана иштей ала турганын билдирди.

"Мамлекет бардыгын эсептеп, өкмөттүн токтому менен 1270 сомду фирмага төлөп жатат. Биз бааны көтөрө албайбыз. Аны өкмөттүн токтому менен гана өзгөртүүгө мүмкүн", — деди ал.

Деген менен көмүр ташытып жаткан "Айис" ЖЧКсынын директору Адилет Жакыпбеков 1270 сомдун 360 сому салыкка төлөнөрүн белгилеп өттү. Айдоочуларга 850 сомдон берсе, калган 60 сому фирманын керектөөсүнө, кызматкерлердин айлык акысына жумшала турганын айтып жүйө келтирди.

Угольное месторождение Кара-Кече - Sputnik Кыргызстан
Кара-Кече кенине 15 миллион сомго чоң машиналар алынды
Иш таштаган айдоочулар өкмөттөн кызмат акысын 1500 сомго көтөрүүнү талап кылышууда. Алардын билдирүүсүнө караганда эгер баа 1500 сомго жогоруласа жеке фирма ал акчанын 400 сомун салыкка төлөп, 1100сом колго тиймек да, кеткен чыгымдарды толугу менен жапмак.

Жыйынтыгында Өнөр жай, энергетика жана тоо-кен боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Сүйүнтбек Аликеев бул маселени дагы кеңири кароо керектигин белгилеп, 20-июнда Бишкек шаарында жолугушууга чакырды.

Бирок айдоочулар бүгүн да буга чейинки болуп өткөн эки жолку жыйындагыдай эле көйгөйлөргө жеткиликтүү көңүл бурулуп, суроо-талаптар аткарылбагандыгына нараазы болушууда. Бишкек шаарындагы жыйында иш оңунан чыгып, баа көтөрүлбөсө Ак үйдүн алдына тынчтык митингине чыга тургандыктарын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0