Генштаб депутат Иманалиевдин тик учактар тууралуу сөзүнө жооп берди

© Фото / пресс-служба ЖК КРДепутат Каныбек Иманалиев
Депутат Каныбек Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тик учактар Кыргызстандын коопсуздугун камсыздоо боюнча пландык иштерди аткарып жатканы белгиленген.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы ЖК депутатынын тик учактар тууралуу айтканы чындыкка дал келбей турганын айтып, билдирүү таратты.

Эскерте кетсек, бүгүн, 14-июнда, Жогорку Кеңеште "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев Кыргызстандын тик учактары "Сомалиде согуш жүргөн жерге жибериле турган болуп жатканын, бул тууралуу кыргыз өкмөтү менен келишим түзүлгөнүн" айткан

"Эч кандай келишим түзүлгөн эмес. Бир дагы тик учак өлкө аймагынан тыш учкан жок. Авиапарк толугу менен Кыргызстандагы аэродромдордо", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле тик учактар Кыргызстандын коопсуздугун камсыздоо боюнча пландык иштерди аткарып жатканы белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0