Бишкекте жасалма номер тагылган унаалар табылды. Сүрөт

© Sputnik / Александр Кожохин / Медиабанкка өтүүАвтоунаалар. Архив
Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Номерлер жасалма экенин Мамлекеттик каттоо кызматы тастыктады.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Бишкекте мамлекеттик номери шек жараткан бир нече унаа жүргөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp каналы аркылуу машиналардын сүрөтүн салып жиберген окурман билдирди.

Буга чейин да редакция аталган мессенджер аркылуу 08KG 888 ATA окшош номер тагылган унаалардын сүрөтүн алган. Анда Мамелкеттик каттоо кызматы мамлекеттик номерлердин көрсөтүлгөн сериясы азырынча чыга электигин айткан. Укук коргоо органдары окшош номерлер тагылган унаа ээлерин издеп жүрөт.

Жаңы сүрөттөрдү окурман Бишкектен эле тартып алган. Үчөө борбор калаадагы соода борборлорунун биринде турса, дагы бир машина шаардын түштүк бөлүгүнөн тартылган.

— Mercedes S500 унаасында 08 KG 888ABN;

© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуMercedes S500 с госномером 08KG 888 ABN
Mercedes S500 с госномером 08KG 888 ABN - Sputnik Кыргызстан
Mercedes S500 с госномером 08KG 888 ABN

— Hyundai Elantra унаасында 08 kg 888 ABD;

© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуHyundai Elantra с госномером 08KG 888 ABD
Hyundai Elantra с госномером 08KG 888 ABD - Sputnik Кыргызстан
Hyundai Elantra с госномером 08KG 888 ABD

— BMW X5 унаасында 01kg 111 AZ;

© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуBMW X5 с госномером 01KG 111 AZ
BMW X5 с госномером 01KG 111 AZ - Sputnik Кыргызстан
BMW X5 с госномером 01KG 111 AZ

— ВАЗ-2109 унаасында 2014 SC.

© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуВАЗ-2109 с госномером 2014 SC
ВАЗ-2109 с госномером 2014 SC - Sputnik Кыргызстан
ВАЗ-2109 с госномером 2014 SC

Каттоо кызматы үч унаага тагылган мамлекеттик номерлердин сериясы чыгарыла электигин, ал 2014 SC таптакыр башка унаага катталган номер экенин айтып берди.

Ал эми Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бул маалыматты текшерип, айдоочуларга карата кескин чара көрүлөрүн белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0