КРге жынысын алмаштыруу үчүн Казакстан менен Өзбекстандын жарандары келүүдө

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүХирург операция учурунда. Архив
Хирург операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жынысын алмаштыргысы келгендер негизинен кыргызстандыктар. Бирок кээде атамекендик дарыгерлерге коңшу өлкөлөрдүн жарандары дагы кайрылып турат.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргызстанда төрт жыл ичинде жыныс алмаштыруу боюнча 10 операция жасалган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйында №1 Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнүн жетекчиси Нурбек Садырбеков билдирди.

Анын айтымында, бардык операциялар ийгиликтүү өткөн.

"Негизинен бизге Кыргызстандын жарандары кайрылат. Бирок Казакстан менен Өзбекстандан келгендер дагы болот", — деди Садырбеков.

Проблема проституции в США - Sputnik Кыргызстан
Жынысын алмаштырам деген Венера: ким экенимди билген жигиттер "өлтүрөм" деп коркутат
Урологдорго гермофродит (эки жыныстуу балдар) менен жабыркаган балдардын ата-энелери дагы жардам сурап кайрылары маалымдалды. Садырбековдун айтымында, 100 миң адамдын ичинен 10 ымыркай гана ушундай кемтик менен төрөлөт. Көпчүлүк учурларда жардамга муктаж болгон жарандардын бардыгы эле дарыгерге кайрыла бербейт.

"Көптөр менталитет же диний ишенимдерден улам уялышат", — деди уролог.

Садырбеков бул жааттагы маалыматтар купуялуу экенин айтып, кенен маалымат берген жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0