Ош: донорлордун саны азайып, адистер элди кан берүүгө чакырууда

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүЗабор крови для исследования на наличе инфекций
Забор крови для исследования на наличе инфекций - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Донорлордун 98 пайызы оорулуунун жакындары, ал эми эки пайызы ыктыярдуу түрдө тапшыргандар.

ОШ, 14-июн. – Sputnik. Кан тапшыруучу донорлор эгерде 30 жолудан кем эмес кан тапшырса, "Ардактуу донор" наамына ээ болушат. Бул тууралуу Ош облустук кан борборунун директору Осмонали Шамшидов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери эки миңден ашуун жаран аталган борборго кан тапшырган.

"Облуста 2015-жылы 8044 жаран кан тапшырса, 2016-жылы 7466 жаран донор болгон. Ал эми 2017-жылы июнь айына чейин 2105 жаран тапшырган. Көрүнүп тургандай эле акыркы жылдарда кан тапшыруучулардын саны азайып бара жатат. Ошондуктан ден-соолугу чың, мүмкүнчүлүгү бар жарандарды кан тапшырууга чакырабыз. Негизги максат — бул маселеге жарандарды көңүлүн бурдуруу болуп саналат", — деди Шамшидов.

Ал белгилегендей, кандын төрт тобу болсо, жалпы өлкө аймагы боюнча алып караганда биринчи топтогулар 40 пайызды, экинчи топтогулар 28, үчүнчү топтогулар 27, ал эми сейрек кездешүүчү төртүнчү топтогулар 5 пайызды түзөт.

Кант тапшырып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бүгүн кан тапшырган донолордун күнүнө карата атайын акция өтөт
"Өлкө аймагында көпчүлүк учурда жабыркаган жарандарга кан бергендердин 98 пайызы туугандары. 30 жолудан кем эмес кан тапшырган адамга "Ардактуу донор" наамы берилет. Жыл сайын кан борбору жана Кызыл ай коому бир же эки кишиге аталган наамды ыйгарып келет. Кан тапшыруунун аралыгы эки ай болушу зарыл. Андан эрте тапшыруу ден соолукка зыян. Аялдар жыл сайын төрт жолу, эркектер беш жолу гана кан тапшыра алат", — деди Шамшидов.

Белгилүү болгондой, донорлордон 300 милилитрден 500 милилитрге чейин кан алынат. Албетте донорлор алгач медициналык текшерүүдөн өткөн соң гана кан тапшыра алат. Ага 18 жаштан жогорку жана 60 жашка чейинки курактагылар гана тартылат.

Эскерте кетсек, 14-июнь — Донорлордун эл аралык күнү. Кан тапшыргандардын күнү белгилүү чечими 2005-жылы Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 58-сессиясында кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0