Эки күндө 60 миң сом "тапкан" кайгуулчулар! Башкы прокуратура иш козгоду

Жазылуу
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы топтогон материалдардын негизинде Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Финансы полициясынын кызматкерлери Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) өкүлдөрү мыйзамсыз түрдө акчаны өзүнө ыйгарып алган коррупциялык схеманын бетин ачты. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын сайтына жарыяланган.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эсеп палатасы: ушул министрликтин айынан бюджет 350 млн. сом жоготту!
Билдирмеге караганда, ЖКККББнын өкүлдөрү кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып жүргөн. Тагыраагы, туура эмес жерге унаасын токтоткон айдоочулардын автосу эвакуацияланып, автосун алып кеткени келген айдоочулардан айып пулга деген акчаны протокол түзбөстөн "колго" алып турушкан.

Эки күндүн ичинде 90 унаа эвакуацияланса, алардын 30уна гана протокол түзүлгөн. Алдын ала эсептөөлөр боюнча мунун кесепетинен мамлекеттик бюджетке 60 миң сом чыгым келтирилген.

Финполдун топтогон материалдары боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 313 (пара алуу) жана 304-беренелери (кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0