Памирлик жана Вандык кыргыз бир туугандар 35 жылдан соң Нарындан жолукканда... Сүрөт

© Sputnik / Нурзада МукашеваНарын шаарындагы памирлик кыргыздар менен учурашуу үчүн Түркиянын Ван шаарынан алардын туугандары келишти
Нарын шаарындагы памирлик кыргыздар менен учурашуу үчүн Түркиянын Ван шаарынан алардын туугандары келишти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туугандар буга чейин шарттын жоктугунан жолуга албай келишкен.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Нарын шаарындагы памирлик кыргыздар менен учурашуу үчүн Түркиянын Ван шаарынан алардын туугандары келишти. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

© Sputnik / Нурзада МукашеваНарын шаарындагы памирлик кыргыздар менен учурашуу үчүн Түркиянын Ван шаарынан алардын туугандары келишти
Нарын шаарындагы памирлик кыргыздар менен учурашуу үчүн Түркиянын Ван шаарынан алардын туугандары келишти - Sputnik Кыргызстан
1/4
Нарын шаарындагы памирлик кыргыздар менен учурашуу үчүн Түркиянын Ван шаарынан алардын туугандары келишти
© Sputnik / Нурзада МукашеваСыйлуу коноктор Нарынга кечээ, 13-июнда, келишкен
Сыйлуу коноктор Нарынга кечээ, 13-июнда, келишкен - Sputnik Кыргызстан
2/4
Сыйлуу коноктор Нарынга кечээ, 13-июнда, келишкен
© Sputnik / Нурзада МукашеваЭң кызыгы — бул жолу 35 жылдан бери көрүшө элек бир тууган эже-сиңди көз жаш төгө жүз көрүшкөн.
Эң кызыгы — бул жолу 35 жылдан бери көрүшө элек бир тууган эже-сиңди көз жаш төгө жүз көрүшкөн. - Sputnik Кыргызстан
3/4
Эң кызыгы — бул жолу 35 жылдан бери көрүшө элек бир тууган эже-сиңди көз жаш төгө жүз көрүшкөн.
© Sputnik / Нурзада МукашеваМеймандарды алардын аталаш тууганы, чоңалайлык Давуд Эгемкулов аттуу жеке ишкер тосуп алып, коштоп келген.
Меймандарды алардын аталаш тууганы, чоңалайлык Давуд Эгемкулов аттуу жеке ишкер тосуп алып, коштоп келген. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Меймандарды алардын аталаш тууганы, чоңалайлык Давуд Эгемкулов аттуу жеке ишкер тосуп алып, коштоп келген.
1/4
Нарын шаарындагы памирлик кыргыздар менен учурашуу үчүн Түркиянын Ван шаарынан алардын туугандары келишти
2/4
Сыйлуу коноктор Нарынга кечээ, 13-июнда, келишкен
3/4
Эң кызыгы — бул жолу 35 жылдан бери көрүшө элек бир тууган эже-сиңди көз жаш төгө жүз көрүшкөн.
4/4
Меймандарды алардын аталаш тууганы, чоңалайлык Давуд Эгемкулов аттуу жеке ишкер тосуп алып, коштоп келген.

Маалыматка караганда, сыйлуу коноктор Нарынга кечээ, 13-июнда, келишкен.

"Түркияны мекендеп калган памирлик туугандарды Нарын шаарында жашап жаткан памирликтер менен бирге жергиликтүү бийлик ɵкүлдɵрү жана журналисттер тосуп алды", — деп айтылат билдирүүдө.

Жүрөк кубантканы да, оорутканы да — бул жолу 35 жылдан бери көрүшө элек бир тууган эже-сиңди көз жаш төгө жүз көрүшкөн.

Культурные мероприятия в рамках ВИК на джайлоо Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Ван кыргыздары Осмон империясынын түптөлүшү боюнча сериалга тартылды
"Нарын шаарына Памирден келген Абдул Вахид менен Ноорул Хак кыз алышкан кудалар болгондуктан алардын үй-бүлɵлɵрү бир үйдɵ жашап келишет. Түркиядан мейманга келген Турдукан Абдылкалык кызы Ноорул Хактын таежеси болот. Ал сиӊдиси Шарапатты 35 жылдан бери кɵрɵ элек экен. Себеби Афганистандагы кыргыздардын теӊи Рахманкул ханды ээрчип Түркияга кеткенде Турдукан апа да күйɵɵсү менен ошол жакка кетүүгɵ мажбур болгон. Андан бери бир туугандардын жолугушуусуна эч кандай шарт болгон эмес", — деп айтылат маалыматта.

Ѳкмɵттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраеванын айтымында, Ноорул Хактын энеси Шарапат айым Түркияга барып эжесине жолуккусу келген. Бирок алар Афганистандын жараны болгондуктан жана Кыргызстанда "Кайрылман" макамы менен жашап жаткандыктан анын бул тилегин орундатуу кɵбүрɵɵк түйшүктү талап кылмак.

Ага караганда эжесинин бул жакка келгени ыӊгайлуу эле. Себеби Кыргызстан менен Түркия мамлекетинин ортосунда 90 күндүк визасыз жүрүү шарты бар. Мындан Турдукан Абдылкалык кызы уулу менен учуп келип, бир тууганы менен көрүштү.

Меймандарды алардын аталаш тууганы, чоңалайлык Давуд Эгемкулов аттуу жеке ишкер тосуп алып, коштоп келген.

"Жолугушууда сагынычтын кɵз жашы тɵгүлүп, бири-бирин бала кезинен бери кɵрбɵгɵн бир туугандар айтаарга сɵз таба албай турушту", — деп айтылат маалыматта.

65 жаштагы Турдукан айым "кыргыз калкыма рахмат" деп аябай толкунданган. Ал үй-бүлɵсү менен Түркиянын Ван шаарында турарын, ал жакта 500дɵй түтүн кыргыз бар экенин, бул жерде бир ай болуп, туулуп-ɵскɵн кичи мекени Чоӊ-Алайга да барып келерин айтты.

Эске салсак, ушул жылдын октябрь айында Памирде жашаган 33 этникалык кыргыз тарыхый мекенине өкмөт тарабынан көчүрүлүп келип, Куланак айылына отурукташкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0