Шамир Ряповдун атасы: уулум издеп жатканыбызды угуп таң калды

Жазылуу
Бишкекте жоголгон жаш режиссер Раяпов 10 күндөн кийин Ысык-Көлдөн табылган.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Борбор калаадан дайынсыз кеткен 24 жаштагы жаш режисер Шамир Раяповдун атасы Элебес Раяпов окуянын чоо жайын Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

Анын айтымында, уулу изделип жатканын угуп абдан таң калган.

"Балам Ысык-Көлгө бир жумага тартуу иштерине кетиптир. Кетип жатып кичүү уулума айтып кеткен экен, бирок ал түшүнбөй калыптыр. Балам издеп жатат деген маалыматты угуп таң калды", — деди атасы.

Эскерте кетсек, жаш режиссер Раяпов 3-июндан бери дайынсыз болуп 10-июнда табылганы кабарланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0