Бишкектеги Садырбаев көчөсү 4,5 айга жабылмай болду. Карта

Жазылуу
Жолдун үстүңкү катмары алмаштырылып, бордюрлар коюлат.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. 16-июндан тарта Садырбаев (Бах) көчөсүнүн Семетей көчөсүнөн Масалиевге (Түштүк магистраль) чейинки бөлүгү оңдоо иштери үчүн жабыла турганын Бишкек мэриясы билдирди.

"Жолдун үстүңкү катмары жаңыланып, бордюрлар коюлат. Ремонт үстүбүздөгү жылдын 30-октябрында жыйынтыкталмакчы", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, алдын ала жүрүү багытын тандап алууну эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0