Ички иштер министри жол кырсыгынын көбөйүшүнүн төрт себебин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековПресс-конференция главы МВД Джунушалиева по итогам 9 месяцев работы
Пресс-конференция главы МВД Джунушалиева по итогам 9 месяцев работы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Жогорку Кеңеште "Өкмөттүк саат" өтүүдө.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Жогорку Кеңеште "Өкмөттүк саатта" жол кырсыгы эмне үчүн азайбай жатканынын төрт себебин атады.

Анын айтымында, биринчиси — Кыргызстандагы жолдордун абалынын начардыгы, экинчиси — жолдор керектүү деңгээлде жарыктандырылган эмес, үчүнчүсү — айдоочуларды окутуудагы мүчүлүштүктөр жана төртүнчүсү — жолдо жүрүү эрежелерин укук коргоо органдары тийиштүү деңгээлде көзөмөлдөбөй жатышы.

Өз кезегинде депутат Сайдулла Нышанов жол кырсыктарынын көбөйүшүнүн башкы себеби айоочулук күбөлүктүн сатылышы экенин баса белгиледи.

"Айдоочулук күбөлүктү сатып алышууда. Алар жол эрежесин билбегенин өздөрү билбейт. Айрымдары каршы тилкеге чыгып алып, сени жөөлөйт. 25 жыл бою айдоочулук күбөлүктү сатып койдук. Андыктан жолду ким көзөмөлдөсө да кырсыктарды азайта албайт", — деди.

Машина скорой помощи - Sputnik Кыргызстан
Чүйдө эл ташыган маршрутка тракторду сүзүп, өспүрүм кыз каза болду
Маселени түп тамыранын бери чечүүнүн бирден бир жолу айдоочуларды окуткан автомектептерди көзөмөлдөө экенин айтылды.

Ал эми депутат Айнуру Алтыбаева айдоочулардын арасында маданият жоктугун айтып, эреже бузгандарын кайтадан экзамен тапшырттыруу керектигине токтолуп, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге кайрылды.

Министр өз кезегинде андай кылууга болорун, бул боюнча аракеттер жүрүп жатканын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0