Бишкекте оңдоо үчүн дагы эки көчө жабылат

Жазылуу
Көчөлөрдүн бири 15-июлда ачылса, экинчиси 30-августка чейин жабык болот.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Бишкекте 16-июндан тарта дагы бир нече көчө ремонт иштерине байланыштуу жабылат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Ремонт дороги в Ноокатском районе - Sputnik Кыргызстан
Ноокатта аң-чөнөктөргө толгон суунун үстүнө асфальт төшөлүп жатат. Сүрөт, видео
Үсөнбаев көчөсүнүн Жибек Жобу проспектиси менен Чоң Чүй каналына чейинки бөлүгүнө жаңы асфальт төшөлүп, бордюрлар жаңыланат. "Бишкек шаарынын унаа жолдорун калыбына келтирүү" долбоорунун алкагында ишке ашып жаткан ремонт 15-июлга чейин согулат.

Ошондой эле реконструкция иштерине Айни көчөсүнүн Айтматов проспектисинен тарта Токтоналиев көчөсүнө чейинки аралыгы жабылат. Бул жол колдонууга 30-август күнү берилмекчи.

Бишкек мэриясы жаралган ыңгайсыздык үчүн шаар тургундарынан жана конокторунан алдын ала кечирим сурап, альтернативдүү жолдорду тандоону сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0