Бишкекте "Мен көчмөнмүн" аттуу форум өтөт

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOФольклорный фестиваль на озере Сон-Куль
Фольклорный фестиваль на озере Сон-Куль - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катчылыктан форумдун максаты жаштарды быйыл өтө турган көчмөндөрдүн оюнун активдүү колдоого чакыруу экенин айтышты.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндарын колдоо максатында жаштардын "I am Nomad" ("Мен көчмөнмүн") аттуу форуму болот. Бул туурасында аталган оюндарды өткөрүү боюнча катчылыктан кабарлашты.

"I am Nomad" иш-чарасы Бишкекте Борбор Азиядагы Америка университетинде 22-июнда өтөт.

Кыргызстандын Катар мамлекетиндеги элчиси Нуран Ниязалиев Катардын Бокс жана күрөш федерациясынын президенти Юсуф Али Аль-Казим жана Ок жана жаа атуу спорттору ассоциациясынын президенти Али Мохаммед Аль-Кувари менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Элчи Ниязалиев Катардын балбандары менен жаачыларын Көчмөндөр оюнуна чакырды
Форумга шоу-бизнестеги төбөсү көрүнгөн адамдар, белгилүү вайнерлер, инстаграммдагы аккаунттардын атактуу ээлери жана активисттер катышат. Талкуу учурунда иш-чаранын уюштуруучулары, атактуу жана активдүү жаштар көчмөндөр оюндары тууралуу айтып, маалымат беришет. Андан сырткары, шоу-программа уюштурулат.

Катчылыктан форумдун максаты жаштарды быйыл өтө турган көчмөндөрдүн оюнун активдүү колдоого чакыруу экенин айтышты.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндары үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрында Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда башталат. Мелдештин курамына спорттун 37 түрү бекитилип, анын жол-жобосу 104 өлкөгө жиберилди. Спорттун түрлөрүнө 15 мамлекеттин улуттук оюндары киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0