Иштамберди кенинин иштешине нааразы болгондор кайрадан митингге чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг сторонников Садыра Жапарова у здания ГКНБ в Бишкеке
Митинг сторонников Садыра Жапарова у здания ГКНБ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Митингге чыккандар менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жолугушту.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Ала-Бука менен Чаткал районунун жүздөгөн тургундары Иштамберди кенине келип, алтын казып жаткан "Фулд Голд Майнинг" ишканасы экологиялык нормаларды сактабай жатканын айтып нааразычылыктарын билдиришти.

Жалал-Абад облусунун милициясы эки райондун тургундары бүгүн, 12-июнда эртең мененки саат 11:00дөн тарта кен казуучу ишкана турган жерге чогулуп баштаганын тастыктады.

Акцияга чыккандар ишкана алтын казууда цианидди колдонуп жатканын айтып, ошондой эле уулуу калдыктар сактала турчу жер стандарттарга туура келбей турганын белгилешкен. Андыктан "Фулд Голд Майнинг" компаниясы цианидди колдонууну токтотуп, уулуу калдыктар сактала турчу жерди башка жакка көчүрүүнү талап кылышкан.

Алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ак-Түздөгү алтын чайкаган ишкана убактылуу жумушун токтотту
Чогулгандар "Бизге акыйкат, ден соолук керек", "Тогуз-Торо кайталанбасын", "Кийинки муундар бизди каргабасын" деп кыйкырып, жергиликтүү бийлик жана компаниянын өкүлдөрү элди бөлүп-жарбай, мындай аракеттерге баргандар жазасын алышы керектигин баса белгилешти.

Нааразычылык билдирип чыккандар менен өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Чаткал менен Ала-Бука райондорунун акими жана Жалал-Абад облустук милициясынын жетекчиси жолуккан.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, митингге чыккандар тарап жатат. Ал эми ишкана убактылуу ишин токтотту.

Андан сырткары, Бишкектен Чаткал районуна атайын ведомстволор аралык комиссия барып, "Фулд Голд Майнинг" компаниясы экологиялык нормаларды сактап-сактабай жатканын текшерет.

Февралдын аягында да Иштамберди кенинде нааразычылыктар болгон болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0