Аламүдүндө өгөй апасы кордогон кыз. Министрлик учурдагы жашоосу тууралуу

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүӨспүрүм кыз. Архив
Өспүрүм кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жеткинчек кыз менен анын 10 жаштагы байкесин багып алууга берүү маселеси каралып жатат.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Аламүдүн районунда өгөй апасы тарабынан сабалган сегиз жаштагы кыз учурда таякесинин кароосунда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Аламүдүн райондук Социалдык коргоо башкармалыгынын үй-бүлөнү коргоо бөлүмүнөн билдиришти.

Парк Горького в Москве - Sputnik Кыргызстан
Балыкчыда көгала болуп сабалган наристе ооруканадан чыгарылды
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 10-мартында Бишкектеги №3 балдар клиникалык ооруканасынын травматология бөлүмүнө көгала тактары менен сегиз жаштагы кыз түшкөн. Кийинчерээк жеткинчек аны өгөй апасы сабаганын айтып берген. Натыйжада кылмыш иши козголуп, шектүү аял Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ал эми кошуналары болсо кыштын ызгаардуу суугунда сегиз жаштагы кыз тапичкечен кир жууганын көрүшкөнүн айтышкан.

"Кордук көргөн кыз учурда өзүнүн 10 жаштагы байкеси экөө таякесинин кароосунда. Ал балдарды багып алгысы келип жатканын билдирди. Бул кишинин жашоо шарты текшерилгенден кийин камкордукка алган органдар тарабынан балдар таякесине соттун чечими чыга электе эле берилген", — деп бөлүмдөн билдиришти.

Балдардын өз энеси дагы бир тууганынын багып алуусуна каршы эместигин айткан. Учурда соттук процесстин датасы белгилене элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0