Компартияга айбат көрсөткөн кыргыз интеллигенциясы. "Отузчулардын" каты

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүПрезидиум V Всекиргизского съезда Советов в апреле 1925 года
Президиум V Всекиргизского съезда Советов в апреле 1925 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан туура 93 жыл мурун 12-июнь күнү Кара-Кыргыз автономиялык облусунан Москвага "отузчулардын" каты жөнөтүлгөн. Бир нече барактан турган кат өлкөдөгү коомдук-саясий абалга кандайдыр бир деңгээлде өз таасирин тийгизип, айрым аткаминерлер кызматынан кол жууган.

Кыргызстан 1925-жылы СССРдин курамында автономиялуу облус статусун алып турган. Лениндин өлүмүнөн кийин бийлик Иосиф Сталиндин колуна өткөн. Ал эми Кара-Кыргыз автономиялык облусунун аткаруу комитетинин биринчи катчысы ал кезде Михаил Каменский болчу.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивдеги ал тарыхый документтерди таап чыгып, анда эмне маселелер жазылгандыгын билип көрдү. 

© Фото / Центральный государственный архив общественно-политической документации КР"Отузчулардын" каты 1925-жылы жазылып Москвага жиберилген
Письмо знаменитой тридцатки Кара-Киргизской АО в Москву - Sputnik Кыргызстан
"Отузчулардын" каты 1925-жылы жазылып Москвага жиберилген

Талам талашуу

Өткөн кылымдын 20-жылдарында автономиялык облуста калктын социалдык-экономикалык абалы анча жакшы эмес эле. 1916-жылдагы элдик көтөрүлүштөн кийин көйгөйлөр арбын болуп, элдик чарба аксап турган. Анысы аз келгенсип, эл башкаргандар ич ара бөлүнүп, интеллигенция арасында пикир келишпестиктер кызып, саясий абал курчуп турган. Так ошондо мамлекеттик кызматта иштеген саналуу адам аймактагы маселелерди айтып чыгып, кат менен борбордук бийликке кайрылган. 

© Фото / Центральный государственный архив общественно-политической документации КРКатка кол койгондордун арасында Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбековдор бар
Письмо знаменитой тридцатки Кара-Киргизской АО в Москву - Sputnik Кыргызстан
Катка кол койгондордун арасында Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбековдор бар

Эмне үчүн "отузчулар"

Кат автономиялык облус аймагында бийликтин аткаруу бутагында иштеген 30 кызматкер тарабынан жазылган. Алардын арасында Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков өңдүү кыргыздын каймактары болгон. Андан сырткары, укук коргоо, саламаттык сактоо, айыл чарба тармактарынын жетекчилери да бар. Башында ал кагазга кол койгондордун саны 31ге жеткен. Бирок кийин Пишпек округунун аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Бакас Муратов кагазда жазылгандарды четке кагып, жаңылышып кол коюп алгандыгын билдирип арызданган. Ошентип кат жазгандардын саны 30 болуп калган. 

© Фото / Центральный государственный архив общественно-политической документации КРКомпартияга сүр көргөзгөндөр тарыхый жоопкерчиликти өз мойнуна ала албай тургандыгын айтып чыгышкан
Письмо знаменитой тридцатки Кара-Киргизской АО в Москву - Sputnik Кыргызстан
Компартияга сүр көргөзгөндөр тарыхый жоопкерчиликти өз мойнуна ала албай тургандыгын айтып чыгышкан

Эмне маселелер жазылган?

Үч барактан турган катта партиянын кызматтык дайындоолору туура эмес жүргүзүлүп, анын негизинде эл чарбасы аксап, калк арасындагы жер бөлүштүрүүдө тең укуктуулук сакталбай жаткандыгы жана билим берүү боюнча кескин сындар айтылган. Арыздангандар аймактын өнүгүүсү үчүн агартуучулук чоң түрткү болуп бере тургандыгын белгилеп, жалпы бийлик өкүлдөрүн аталган маселеге көңүл бурууга үндөгөн.

Адистердин баамында, мындай жолго барууга кескин себептер бар эле. Алардын бири — аткаминерлердин укуругунун кыскаргандыгы. Анткени ошол кезде Кыргызстанда партиялык башкаруу бекемделип, көп маселелерди коммунисттик партия чечип калган. Отузчулар жалпы сегиз талап коюп, эгер ал шарттар аткарылбаса өздөрүн кызматтан алууну суранган. Ошондой эле эгер жагдай өзгөрүлбөй турган болсо, тарыхый жоопкерчиликтерди өз мойнуна ала албай тургандыгын баса белгилешкен. 

© Фото / Центральный государственный архив общественно-политической документации КРАл кагазга кол койгондор кийин жумушунаy айрылып, ата-тегине чейин текшерүүлөр жүргүзүлгөн
Письмо знаменитой тридцатки Кара-Киргизской АО в Москву - Sputnik Кыргызстан
Ал кагазга кол койгондор кийин жумушунаy айрылып, ата-тегине чейин текшерүүлөр жүргүзүлгөн

Коммунисттер кандай кабыл алган?

Москвага жөнөтүлгөн кагазга биринчилерден болуп Ысык-Көл, Нарындын компартиясынын аймактагы өкүлдөрү жооп узатып, жер-жерлерде чогулуштарды уюштурган. Анда коммунисттер аталган кагазга кол койгон мамлекеттик кызматкерлерди чагымчыл деп айыптап, аларды сот жоопкерчилигине тартууга чакырган. 

© Фото / Центральный государственный архив общественно-политической документации КРАндан соң Кара-Кыргыз автономиялык облусунун аткаруу комитетинин биринчи катчысы Михаил Каменский өз кfалоосу кызматын тапшырган
Письмо знаменитой тридцатки Кара-Киргизской АО в Москву - Sputnik Кыргызстан
Андан соң Кара-Кыргыз автономиялык облусунун аткаруу комитетинин биринчи катчысы Михаил Каменский өз кfалоосу кызматын тапшырган

Жыйынтык

Кат көздөгөн органдарга жеткенден кийин Кара-Кыргыз автономиялык облусунун аткаруу комитетинин биринчи катчысы Михаил Каменский өз калоосу менен кызматын тапшырат. Кагазга кол койгондор да жумушунан айдалып, ата-тегине чейин текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Андан соң бир жылга жетпеген убакыт ичинде Кыргызстан автономиялык республика макамын ала алган. 

© Фото / Центральный государственный архив общественно-политической документации КРКат автономиялык облус аймагында бийликтин аткаруу бутагында иштеген 30 кызматкер тарабынан жазылган
Письмо знаменитой тридцатки Кара-Киргизской АО в Москву - Sputnik Кыргызстан
Кат автономиялык облус аймагында бийликтин аткаруу бутагында иштеген 30 кызматкер тарабынан жазылган

Жаңылыктар түрмөгү
0