Кыргызстанда эки бала менингиттен көз жумду деген маалымат жалган

© Sputnik / Жоомарт УраимовРабота за компьютером
Работа за компьютером - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖМКлардын бири Sputnik Кыргызстан агенттигине шилтеме берип эки баланын өлүмү тууралуу жалган маалымат таратууда. Бирок Sputnik агенттиги андай жаңылык жарыялаган эмес.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. ЖМКлардын бирине менингиттен эки бала каза тапты деп чыккан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Елена Баялинова билдирди.

Бүгүн эртең менен, 12-июнда, интернет-порталдардын бири Sputnik Кыргызстан агенттиги менен Баялиновага шилтеме берип, өлкөдө вирустук дарттан улам эки бала көз жумганын жазып чыкты. Бирок Sputnik агенттигине мындай маалымат жарыяланган эмес.

"Эч кандай маалымат жыйын болгон эмес, анткени муктаждык жок болчу. Үстүбүздөгү жылдын башынан бери менингит менен ооруган 12 адам катталган. Андан эч ким көз жумган жок. Кимдир бирөө атайылап чуу жараткысы келип жатат. Максаты кандай экенин билбейбиз. Балким Кыргызстандын аймагында кайсы бир вакцинаны саткылары келип же коомдогу орчундуу көйгөйлөрдөн алаксытуу аракети жүрүп жаткандыр", — деди Баялинова.

Ал ошондой эле кыргызстандыктарды бейрасмий маалыматтарга ишенбөөгө чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0