13:07 16 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8381
  • EUR78.8821
  • RUB1.0512
Последствия селя в селах Аманбаев и Ак-Жар Таласской области

ӨКМ: Таластын Ак-Жарында жүргөн селге адистердин чала кайым иши себеп болгон

© Фото / пресс-служба МЧС КР
Коом
Кыскача шилтеме алуу
19610

Ушу тапта күнөөлүүлөр такталып, аларга чара көрүү үчүн тиешелүү аракеттер жасалып жатат.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кара-Буура районунун Аманбаев айыл аймагындагы Ак-Жар айылында Бабахан сайынан түшкөн сел суулары төрт көчөнү, 15 үйдүн короо-жайын, бир мектептин тегерегин жана 4-5 гектар айдоо аянтын каптаган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Эскерте кетсек, аталган аймакта сел жүргөнү тууралуу маалымат ӨКМге 11-июнь күнү саат 18.00дөр чамасында түшкөн.

  • Последствия селя в селах Аманбаев и Ак-Жар Таласской области
    Кара-Буура районунун Аманбаев айыл аймагындагы Ак-Жар айылында Бабахан сайынан түшкөн сел суулары төрт көчөнү, 15 үйдүн короо-жайын, бир мектептин тегерегин жана 4-5 гектар айдоо аянтын каптаган.
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
  • Последствия селя в селах Аманбаев и Ак-Жар Таласской области
    Эскерте кетсек, аталган аймакта сел жүргөнү тууралуу маалымат ӨКМге 11-июнь күнү саат 18.00дөр чамасында түшкөн.
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Кара-Буура районунун Аманбаев айыл аймагындагы Ак-Жар айылында Бабахан сайынан түшкөн сел суулары төрт көчөнү, 15 үйдүн короо-жайын, бир мектептин тегерегин жана 4-5 гектар айдоо аянтын каптаган.

"Селге Ак-Жар айылынын түштүк тарабында жайгашкан сел өтүүчү сайдан таза суу өткөрүү максатында үч участоктон сайдын туурасынан траншея казылып өтүп, кайрадан чала-бучук жабылып, бекемделбей калганы себеп болгон", — деп айтылат билдирүүдө.

ӨКднин Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Мирлан Карабаевдин айтымында, учурда Жарандык коргонуу комиссиясы күнөөлүүлөрдү тактап, чара көрүү максатында тиешелүү иш-аракеттерди аткарып жатат.

Кошумча маалымат берилет.

Тема боюнча

Лейлектеги селдин кесепетин жоюу иштерин министр жетектөөдө
Таластын айылдарын сел каптады. Видео
Белгилер:
сел, ӨКМ, Талас облусу
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ