Аксыга Нарындын коругунан 10 марал жеткирилет

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүМарал. Архив
Марал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушууда жер которо турган жаныбарлардын жашы, эркек-ургаачысы жана саны такталып, аларды кармоо, жеткирүү жолу сүйлөшүлдү.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Авлетим токой чарбасына 10 марал жеткирилет. Бул туурасында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, жаныбарларды алып келүү "Маралдарды Батыш Тянь-Шанга реинтродукциялоо" долбоорунун алкагында ишке ашууда.

"Агенттиктин жетекчиси Абдыкалык Рустамов башында турган жумушчу топ Нарындагы мамлекеттик корукта болуп келди. Маралдарды жеткирүү маселеси жеринде талкууланды", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, жолугушууда жер которо турган жаныбарлардын жашы, эркек-ургаачысы жана саны такталып, аларды кармоо, ташуу жолу сүйлөшүлдү.

Натыйжада маралдарды Нарынга чейин байырлаган Аксы жергесине 20-июнга чейин жеткирүү макулдашылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0