Лейлектеги селдин кесепетин жоюу иштерин министр жетектөөдө

© Фото / пресс-служба МЧС КРПоследствия селя в Лейлейкском районе
Последствия селя в Лейлейкском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта кырсык болгон жерге чатырлар тигилип, эл көчүп кирип жатат.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Баткендин Лейлек районуна караштуу Лейлек, Катраң, Сумбула, Тогуз-Булак жана Ак-Суу айыл аймактарында жүргөн селдин кесепетин жоюу иштерин өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов жетектеп жатат. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, кырсык 9-июнь күнү болгон. Жалпы район боюнча 16 турак үйгө, балдар бакчасына сел суулары кирип, 112 турак үйдүн жер тилкесин, 27 чакырым ички чарбалык жолду, 6 даана ички чарбалык көпүрөнү суу каптаган. Ошондой эле 21 баш бодо малды суу агызып кеткен.

Лейлек районунда экинчи жолу өзгөчө кырдаал жарыяланды. Видео - Sputnik Кыргызстан
Лейлек районунда экинчи жолу өзгөчө кырдаал жарыяланды. Видео
Ушу тапта сел жүргөн жерде жергиликтүү тургундарды кошкондо 100дөн ашуун киши жана тиешелүү техника иштеп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министринин буйругу менен селден жабыркагандарга жардам көрсөтүүгө жана турак жайсыз калган тургундар үчүн ӨКМ тарабынан 10 орундуу 8 даана чатыр, 76 даана шейшеп жана жаздык тыштар, ар бири 20 литрлик 32 даана канистра, ар бири 14 литрлик 32 даана чака, 76 даана одеяло, 16 ашкана буюмдары, 32 брезент, 32 гигиеналык буюмдары КамАЗ унаасына жүктөлүп, Лейлек районуна жеткирилди.

Чатырлар орнотулуп берилип, жарандар көчүп кирүүнүн аракетин көрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0