Ала-Букадагы мөндүрдүн кесепети: багбандар 27 млн. сом чыгым тартты

© Sputnik / Игорь Подгорный / Медиабанкка өтүүСильный град в Рязанской области
Сильный град в Рязанской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мөндүрдүн айынан мөмө-жемиш бактары менен эгин талаалары жабыркаган.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна 8-июнда саат 14:30дар чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн мөндүр аралаш жамгырдын кесепетинен 128 гектар мөмө-жемиш бактары жана 557 гектар эгин талаалар зыянга учураган.

Бактыга жараша адам өмүрүнө жана турак жайларга зыян келтирилген эмес.

Райондук жарандык коргонуу комиссиясы жалпы келтирилген материалдык чыгым 27 миллион 165 миң 610 сом деп эсептеди.

Жаңылыктар түрмөгү
0