Боронов НАБУ жетекчилигине сакталган ак илбирстер үчүн ыраазы болду

Жазылуу
Миллер Кыргызстандын айлана-чөйрөнү коргоого багытталган мыйзамдарындагы жагымдуу тенденцияларды белгилеп кетти.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Германиянын жаратылышты коргоо бирикмесинин (НАБУ) аткаруучу директору Лейф Миллер менен жолугушуу учурунда бул мекеменин жапайы жаныбарларды, анын ичинде ак илбирсти сактап калуу боюнча жасап жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Бул туралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

"Жапайы жаныбарларды сактоодогу НАБУнун чоң салымын белгилеп кетким келет. Кыргыз өкмөтү флора жана фауна, жергиликтүү коомдун социалдык абалын жакшыртуу, аймактардагы экономиканы өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда НАБУ жана Германиянын ишкерлери менен кызматташтыкты тереңдетүүгө жана бекемдөөгө кызыкдар", — деди Боронов.

Ал эми Лейф Миллер Кыргызстандын айлана-чөйрөнү коргоого багытталган мыйзамдарындагы жагымдуу тенденцияларды белгилеп кетти.

Ошондой эле ал жаныбарлар дүйнөсүнө келтирилген зыян үчүн доонун көлөмүн көтөрүү мыйзамдык деңгээлде чечилгени абдан маанилүү экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0