Жеңелер кармап берип зордуктаткан. Ала качууга тушугуп, кордолгон 7 келиндин окуясы

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи ала качуу в КР
Случаи ала качуу в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеңелердин көзүнчө зордукталган окуучу, 25 миң сомго сатылган кыз, ата-энесинен колдоо таппай уксус ичкен келин... Мунун баары ала качуунун курмандыгы болгон аялдардын таржымакалы.

Эртең, 9-июнда, Бишкекте ала качып алган киши милиция бөлүмүндө бычактап салган 19 жаштагы Бурулайдын жаркын элесине арналган "Биз аялдардын укугу үчүн!" акциясы өтөт.

Случаи семейного насилия - Sputnik Кыргызстан
Кыз ала качуу — бүлө куруубу же адам уурдообу? 5 орчундуу пикир
Теле алып баруучу Ассоль Молдокматова демилгелеп, бишкектик активисттер уюштуруп жаткан бул иш-чарага ала качуунун курмандыгы болгон аялдар, алардын туугандары жана жөн гана бул көйгөйгө кайдыгер карабаган адамдар катышат.

Ак кийим кийип, колуна ак лента кармаган катышуучулар саат бирде Уркуя Салиеванын эстелигинин жанына чогулмакчы.

Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган акциянын алкагында уюштуруучуларга ала качууга кабылып, жашоосу бузулган келиндерден келип түшкөн каттардын айрымдарын сунуштайт.

Күйөөмдү өлтүрүүгө туура келди

Мени 25 жыл мурда ала качып кетишкен. Ата-энем менен алдын ала сүйлөшүп алышкандыктан, отуруп калууга туура келди. Күйөөм бир нерсе болсо эле соо жеримди калтырбай сабап салчу. Ошондукта, ага жүрөгүм жылып, жакшы көрүп кете алган жокмун. Бир сабаганда сөзсүз бир жеримди сындырчу. Төшөктөн тура албай көп күн жатчумун. Чогуу жашап жатканыбызга 15 жыл болгондо экөөбүз катуу уруша кеттик. Мен да ага каршылык көрсөтүп жатып, капысынан өлтүрүп алдым. Түрмөдөн чыксам, үйдү алып, балдарды жетимдер үйүнө өткөрүп салышыптыр. Азыр аларды таптым. Бирок өзүмө алайын десем шартым дагы, каалоом дагы жок. Мындан ары кантип жашаш керектигин билбейм…
Жылдыз, 45 жашта 

Ар бир үчүнчү кыргызстандык эгер анын кызын же карындашын ала качып кетишсе эч кандай чара көрмөк эмес
Ар бир үчүнчү кыргызстандык эгер анын кызын же карындашын ала качып  кетишсе эч кандай чара көрмөк эмес - Sputnik Кыргызстан
Ар бир үчүнчү кыргызстандык эгер анын кызын же карындашын ала качып кетишсе эч кандай чара көрмөк эмес

Жеңелердин көзүнчө зордуктап…

Борбор калаанын Ала-Тоо аянтында Биз, жаштар — кыз ала качууга жана эрте турмуш курууга каршыбыз! аттуу флешмоб болуп өттү - Sputnik Кыргызстан
Жаштардын шаан-шөкөттүү флешмобу Бурулайдын мугалим, курсташтарын капалантты
Биз беш бир тууганбыз. Апабыз кичине кезибизде рак илдетине кабылып, бат эле каза болуп калды. Атабыз эки айдан кийин башка аялга үйлөндү. Өгөй эне менен ыйлай-сыктай чоңойдук. Эң кичүү сиңдим 9-классты жаңы бүткөн кезде түн ичинде үйдө уктап жаткан жеринен ала качып кетишиптир. Байкушум катуу каршылык көрсөтсө керек, ошол эле түнү баланын жеңелери колу-бутун кармап берип, күйөө бала сөрөй сиңдимди ошолордун көзүнчө зордуктаптыр. Ала качуу боюнча атам менен өгөй энебиздин макулдугу бар экенин кийин билдик. Сиңдим үч айдан кийин кетип калган. Арадан көп жыл өттү. Ушул убакка чейин багы ачылбай жүрөт. Жашоосу сынды.
Ракыя, 45 жашта

Кетем десем бир үйүр балага салып бермек

18ге чыгаарым менен апам Москвада иштеген тааныштары аркылуу жумуш таап, мени дагы жиберди. Мен жашаган жерге жакын эле жерде кыргызстандык балдар турушчу. Бир күнү алардын бирөө жумуштан келе жаткан жеримден ала качып кетти. Отурбай турганымды айтып ыйласам, "кетем десең, ушул жердеги балдарга салып берем. Андан кийин каалаган жагыңа бара бер" деди. Айласыздан отуруп калдым. Бир батирде 15 адам жашайбыз, а мен аларга кул сыяктуумун. Эптеп атып Кыргызстанга качып барсам, апам "туугандар эмне дейт? Кет, күйөөң менен жаша" деп кууп ийди. Азыр Москвадан анча алыс эмес жерде баарынан жашынып, бир ресторанда иштеп жүрөм.
Алтынай, 29 жашта

25 миң сом менен бир уйга сатылып кеткем

Цыганская свадьба - Sputnik Кыргызстан
Сүйбөсөң кантип тиесиң? Турмушка чыкпаш үчүн амал ойлоп тапкан 5 кыздын окуясы
Ата-энем мени тааныштарына кудалап, калыңыма 25 миң сом, бир уй алышкан. Жарым жылга чейин көнө албай, "алып кеткиле" деп апамдан суранып жүрдүм. Ал болсо "такыр чыдамың жок, бир аз чыдасаң көнүп кетесиң" деп урушуп койчу. Айлам кеткенде уксус ичип алгам, азыр майыпмын. Күйөөмдөн Россияга качып кеткем. Ушул убакка чейин ата-энеме түшүнбөйм, эмне себептен менин тагдырым менен мынча ойношту? Азыр баарын жек көрөм, жашагым дагы келбей калды…
Үмүтай, 26 жаш

Жаныма эркек жолотпойм

Университеттен келе жаткан жеримен ала качып кетишкен. Анда болгону 17 жашта элем. Ошол эле түнү мага бир күндүк күйөө болгон адам зордуктап койду. Калп айтпасам, атам менен тең чамалаш, аялы каза болуп калган неме экен. Эртеси күнү эле курбумдукуна качып кеттим. Анткени ата-энем "эл эмне дейт?" деп кайра кабыл албай турганын билгем. Кийин кайра жеткирип берүүгө аракет кылып жүрүштү. Бирок мен окуумду бүтөрүм менен чет өлкөгө кетип калдым. Азыр Италияда жашайм, жакшы ишим бар. Бирок бактылуу эмесмин. Бир дагы эркекти жаныма жолотпойм, корком. Меникиндей тагдырга башка кыздардын кабылышын каалабайм.
Элвира, 36 жашта 

Адам уурдаган күнөөкөр 7-10 жылга камалат
Адам уурдаган күнөөкөр 7-10 жылга камалат - Sputnik Кыргызстан
Адам уурдаган күнөөкөр 7-10 жылга камалат

Ата-энемди кечире алган жокмун

Жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ажырашуу азабы эмнеден келип чыгат? Үй-бүлөлүк чыр-чатактын себептери
Бишкекте туулуп өскөм, ата-энем жогорку билимдүү, медиктер. Бирок калыптанып калган эски түшүнүктөрдөн арыла алышкан эмес. Мени ала качып кеткенде Улуттук университеттин студенти болчумун. Күйөө болчу неме өмүрүмдө биринчи жолу көргөн, айылдык, билимсиз бала экен. Туугандарыныкына алып барып, жоолук сала албай аябай кыйнашты. Айласы кеткенде муздак жер төлөгө камап коюшту, үшүгөндө акыры көнөт дешти окшойт. Мен макул болуп жоолугун салынып, аябай чарчаган кишидей уктамыш болуп калдым. Эл тынчыганда качып чыгып, түн бир оокумда үйгө бардым. Ошондо апам менен атам "эмне келдиң, уят да. Кайра бар" десе болобу? Үстүмөн бир чака муздак суу куюп ийгендей болдум. Макул деп кийим-кечегимди жыйнап алып курбумдун үйүнө кетип калдым. Андан бери көп жыл өттү, азыр үй-бүлөлүүмүн. Бирок ата-энемди кечире алган жокмун. Кыздарымды карап туруп, кийин ушуларды кантип колдобой коеюн деп ойлоп кетем.
Жайнагүл, 31 жашта

Өзүмө нааразымын…

Ата-энем жогорку билимдүү кишилер. Бизди дагы кичине кезибизден адам сапаттуу билим алып, сөзсүз бир кесипке ээ болушу керек деген түшүнүк менен чоңойткон. Ошондон улам мен да жакшы окуп, абдан активдүү болчумун. 3-курста окуп жүргөндө модель болом деп кастингге катышып өтүп кеткем. Сессия, экзамендерди тапшырып бүтсөм эле иштей баштамакмын. Бирок менин жаркын үмүттөрүмдү бир күндө талкалап коюшту. Май майрамдарына карата үйгө барсам, ала качып кетишти. Үйдөгүлөр ыйлаганыма карабай, "бул салт, отур" деп калтырып кетишти. Ошондо ызама чыдабай, окуумду, бардык пландарымды таштап Россия качып кеттим. Үч жылдан кийин кайтып келип, өзүмдү эч жерден таба алган жокмун. Же билимим же таржыйбам жок болсо… Күндөрдүн биринде кайрадан ала качып кетишти. Кудай жалгап, азыркы күйөөм жакшы адам болуп чыкты. Азыр бала менен үйдө отурам. Анткен менен көңүлүм ар дайым бөксө. Иштеп, өзүмдү таап, элге аралашкым келет. Бирок билимим жок. Адам катары өсүү дагы жок, баары токтоп калган. Колуман эч нерсе келбейт, өзүмө аябай нааразымын. Куруп келе жаткан келечегимди талкалаган адамдарды эч качан кечире албайм.
Майрам, 30 жашта

Жаңылыктар түрмөгү
0