Бишкектин четинен жоголгон 80деги карыя үч жумадан бери издөөдө. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекский дом-интернат для престарелых
Бишкекский дом-интернат для престарелых - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карыяны акыркы жолу 20-майда саат 22:00дөр чамасында Студент айылынан көрүшкөн.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Студент шаарчасында ("Фрунзе" совхозунун батыш бөлүгү) 78 жаштагы Нуркалый Жакеев жоголгонун анын жакындары Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Пропавший в Чуйской области в селе Студенческом Нуркалый Жакеев
Пропавший в Чуйской области в селе Студенческом Нуркалый Жакеев - Sputnik Кыргызстан
Пропавший в Чуйской области в селе Студенческом Нуркалый Жакеев

Туугандары айылдын тегерек-четин тыкыр карап чыгышкан. Сокулук РИИБине арыз жазылды, бирок азырынча жыйынтык боло элек.

Жакеевди акыркы жолу 20-майда саат 22:00дөр чамасында Студент айылынан көрүшкөн. Ал жашыл түстөгү футболка, өңү ачык шым жана көлөч кийип жүргөн.

Карыянын кайда жүргөнүн көргөн билгендер болсо +996-708-704-407, +996-702-700-370 телефондору аркылуу кайрылса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0