Сания Шакированын өмүрүнө забын болгон айдоочу эки айга камалмай болду

Жазылуу
Ысык-Көл облустук соту Бишкек шаарында көчмө жыйын өткөргөн.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облустук соту дүйнө сулуусу Сания Шакирова каза болгон кырсыкка себепкер машинанын айдоочусу 31 жаштагы Ч.К. аттуу жаранды эки айга камакка алды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

"Соттун көчмө жыйыны 7-июнда Бишкек шаарындагы №4 травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун травматология бөлүмүндө болгон. Анда Ч.К. аттуу жаранды эки айга убактылуу кармоо жайына камакка алуу чечими кабыл алдынды. Бирок дарыгерлер бейтапты алып кетүүгө тыюу салды. Учурда айыпталуучу кайтарууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Дүйнөнүн сулуу айымы — 2018 наамынын ээси Сания Шакирова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Карыбайм, балдарымды чоңойтом! Бейажал кеткен Сания Шакирова тууралуу 7 факты
Милиция бейтапка 7-июнда сол акырегине операция жасалышы керектигин кабарлаган. Операциядан кийин бир нече күн дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Эгер саламаттыгы жакшы болсо аны алып кетүүгө уруксат берилет.

Эске салсак, 3-июндун түнүндө Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында айдоочу рулду башкара албай машина мүрзөнү барып сүзүп, ичиндеги дүйнө сулуусу Сания Шакирова каза болгон.

Айдоочу кырсык болгон учурда мас болгону аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0