Дем алышта аба ырайы кандай болот. Кыргызгидрометтин маалыматы

Жазылуу
Тоо этектринде жаан жаап, бийик тоолуу аймактарга кар түшөт.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. 9-10-июнда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Ал эми өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, күндүз мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Ишемби күнү, 9-июнда, Чүй, Талас облустарында түндө 10…18 градус жылуу, күндүз 27…32 градуска чейин ысыйт.

Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жайдын алгачкы дем алыш күндөрүндө аба ырайы кандай болот
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түндө 13…18 градус жылуу болуп, күндүз күндүн табы 27…32 градуска чейин көтөрүлөт.

Ысык-Көл менен Нарын облустарында 10…15 градус жылуу болсо, күндүз 19…24 градуска чейин жылыйт.

Жекшемби, 10-июнда, Чүй менен Талас облустарында түндө 13…18 градус жылуу болуп, күндүз күндүн табы 27…32 градуска чейин жогорулайт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында дагы түндө 13…18 градус жылыса, күндүз 32 градуска чейин ысык болот.

Ысык-Көл менен Нарын облусунда түндө 8…13 градус жылыса, күндүз 24 градуска чейин жогорулайт.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарында дем алыш күндөрү түндө 16…18 градус жылуу болуп, күндүз 31 градуска чейин ысыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0