Жээнбеков Кытайда кыргызстандык студенттер үчүн квотаны көбөйтүүнү сунуштады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевГосударственный визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Китай
Государственный визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Китай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайдын жогорку окуу жайларында жүздөгөн кыргызстандыктар окушат.

ПЕКИН, 6-июн. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен болгон жолугушууда кыргызстандык студенттер үчүн квотаны көбөйтүүнү сунуштады.

Жээнбеков өз сөзүндө Кыргызстан менен Кытайдын эки тараптуу өнүгүүсүндө маданий-гуманитардык байланыш маанилүү багыттардын бири экенин айтты.

"Маданий-гуманитардык байланыштын маанилүү жагы болуп билим берүү тармагы эсептелет. Андыктан Кытайдын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн биздин студенттердин квотасын көбөйтүүнү карап көрүүнү сунуштайм", — деди президент.

Ал ошондой эле Си Цзиньпинди 2019-жылы ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин алдында Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0