Балыкчыда көгала болуп сабалган наристе ооруканадан чыгарылды

© AFP / MLADEN ANTONOV Парк Горького в Москве
Парк Горького в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, наристенин таажеңеси шектелип жатат.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарында апасынын тууганы тарабынан сабалды делген эки жаштагы наристе ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Бүгүнкү күндө наристенин абалы канааттандырарлык. Ал апасы менен биргеликте атасынын туугандарынын үйүндө жашап жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, социалдык коргоо кызматынын өкүлдөрү наристенин үй-бүлөсүнө психологиялык жана социалдык жардам көрсөтүлүп жатат.

Мылтык. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таласта 11 жаштагы бала досун мылтык менен атып алды
Ысык-Көл облустук ИИББден маалымдашкандай, аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 112 (адамдын ден соолугуна атайылап залака тийгизүү) жана 161-беренеси (наристени тарбиялоодо милдеттерин аткарбоо) боюнча кылмыш иши козголду.

Алгач наристени сабаган деп өспүрүм бала шектелген. Бирок тергөө учурунда ал апасын коргоп жатканы аныкталган (сабалган баланын таажеңеси). Учурда тергөө иштери уланып жатат.

27-май күнү эки жаштагы наристе сабалганы маалымдалган. Ал көгала тактары менен Балыкчы шаардык ооруканасына жаткырылган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0