Баш менен жаакты эки башка салбайт! Эт бышырууда 7 "болбойт"

© Sputnik / Актан ТемиркановКазандагы эт. Архив
Казандагы эт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мал союп, устукан тартуу сыяктуу эле эт бышыруу да кыргыз элинде чоң маданият, өзүнчө каада болуп саналат.

Той-аш, жамандык-жакшылыкта этти эзилтип, кызартып же катуу бышырып албаш үчүн кыргыз баласы эмнелерди билиши керек? Sputnik Кыргызстан агенттиги кезектеги "болбойт" рубрикасын сунуштайт.

Бош казанга эт салбайт. Алгач казан асылып, от жагылгандан кийин ага өтө көп эмес суу куюлат.

Кайнак суу куюлбайт. Эт салаар алдында суу муздак болушу керек. Себеби кайнак сууга салынган эт бышканда кызарып кетет.

Бишкек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айта келсе аты улук бешбармактын түрлөрү же нарын деген эмне?
Жиликтин баарын казанга бир учурда салбайт. Казанга кар жилик биринчи салынат. Андан соң гана калган устукандар ирети менен кете берет.

Койдун башы менен жаагы эки башка салынбайт. Тактап айтканда, баш менен жаакты казанга бир убакта салышат. Эл арасында бул тыюунун мааниси, чечмелөөсү деле жок. Бирок кыргыз тилиндеги сакталып калган фразеологизмдерге таянсак, "жаактан башты айрыгандай кылуу" деген сөз "жакын адамдардын ыркын бузуп, бири-биринен алыстатып, ажыратып коюу, бөлүп жиберүү" деген маанини түшүндүрөт.

Чий көбүгүн албай койбойт. Эт кайнаар алдында үстүнө чий көбүгү чыгат. Айрым аймактарда аны "ит келин" деп коюшат. Чий көбүктү убагында алып салбаса, кайнаганда ал тарап, эттин шорпосу тунук болбой калат.

Катуу кайнатпайт. Отту эт кайнаганга чейин катуу жагып, андан соң басаңдатпаса катуу кайнап бышкан эт катуу болуп калат.

Этти чыгаргандан кийин ошо боюнча коюп койбойт. Эт бышкан соң чарага салынган бойдон тура бербеши керек. Сөөгүнөн ажыратып албай, устукандарды акырын дасторконго жайып койгон дурус.

Жаңылыктар түрмөгү
0