Орун жок мектеп, акча сураган жетекчилик. Баланы 1-класска киргизүү машакаты

© Sputnik / Эмиль СадыровГород Айдаркен в Кадамжайском районе Баткенской области
Город Айдаркен в Кадамжайском районе Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик жана шаардык жалпы билим берүү мекемелеринде 1-июндан тарта балдарды 1-класска кабыл алуу иштери башталды.

Последний звонок в Бишкекской школе - Sputnik Кыргызстан
"Акыркы коңгуроо" кайдан чыккан? Ыргытылган калем, комбайн менен келген бүтүрүүчү
Ушул тапта айрым ата-энелер калаанын мектептерине балдарын киргизе албай убара болуп жатканын айтып, редакцияга кайрылууда. Алардын көбүнүн Бишкекте каттоосу жок, аймактардан келгендер.

Ички мигранттар Бишкектин мектептерине балдарын 1-класска бир сом төлөбөй кандай жол менен киргизсе болот жана эмне документтер керектелет? Sputnik Кыргызстан агенттиги сураштырып көрдү.

Нааразы болгон ата-эне

"Чыгыш-5" кичи районунда батирде жашаган Салкын Көчөрбаева үйүнө жакын жайгашкан №66 мектепке баласын 1-класска бере албай убара. Себеби мектеп жетекчилиги баланы катталган жери боюнча гана кабыл аларын айтып, бул тууралуу Билим берүү министрлигинин жакында эле жарлыгы чыкканын билдирген.

"Үй-бүлөбүз менен Бишкекке 10 жыл мурун эле келгенбиз. Бирок катталган жерибиз Кемин, шаарда үйүбүз жок, батирде жашайбыз. Баламды 1-класска киргизейин десем мектеп жетекчилиги жашаган жерден алган маалымдама менен кабыл албай турганын айтып, жакында эле Билим берүү министрлигинин катталган жери боюнча гана окууга кабыл алгыла деген жарлыгы чыкканын билдирди. Бишкекте мага окшоп каттоосу жок жарандар толтура, анын баары балдарын кантип мектепке киргизет? Мектеп жетекчилиги "жашаган жериңерден маалым кат гана алып келем десеңер демөөрчүлүк фондго акча төлөгүлө" деди. Ал сумма жок дегенде 5000-10000 сом болуш керек экен", — деди Көчөрбаева.

Жашаган жерден маалымдама жарайт, бирок…

Шаардык билим берүү башкармалыгынын билимди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Акматова катталган жери боюнча гана окууга кабыл алуу деген жарлык жок экендигин айтып, бирок Бишкектин мектептерине 1-класска киргизүү үчүн баланын сөзсүз түрдө микроучастокто каттоосу болушу керектигин кошумчалады.

"Акимиаттар ар бир районду өзүнчө микроучастокко бөлүп коет. Мектептер өзүнө бөлүнгөн участоктун балдарын биринчи кезекте милдеттүү түрдө окууга кабыл алат. Эгер ата-эне ошол мектепке тиешелүү райондо чындап эле турса (мейли батирде деле болсун) жашаган жеринен маалымдама жана өздөрүнүн (аялы же күйөөсүнүн) паспортунун көчүрмөсүн гана алып барса жетиштүү", — деди Акматова.

Айрым ата-энелер балдарынын жашаган жериндеги мектепте эмес, башка райондордун билим берүү мекемелеринде окуусун каалашат. Акматова бул учурда ошол райондун балдарынан орун ашканда гана башкаларга кезек тиерин айтып, ал тургай жетпей каларын билдирди.

Мектепти бүтүрүү кечеси канча турат - Sputnik Кыргызстан
Кош бол, мектебим! Кыргызстанда бүтүрүү кечеси канча турат
"Азыр бизге ата-энелер "бул мектепте орун толуп калыптыр, киргизе албай жатабыз" деп чалууда. Эгер баланын жашаган жери бере турган мектептен башка райондо жайгашса, кезек күтүүгө туура келет. Эгер толуп калса, анда алар башка мектепке барууга аргасыз болушат. Азыр айрым мектептер бир класска 50дөн баланы алууга мажбур болуп жатыптыр. Бул Бишкекте мектептин жетишсиздигинен кабар берет. Балдардын санына карасак борбор калаага план боюнча дагы 16 мектеп салынышы керек экен. Азыр 900 балага ылайыкташкан мектепте 2000 окуучу билим алып жатат. Себеби ата-энелер суранат, экинчиден балдарды орун жок деп окутпай коймок белек", — деди Акматова.

Эскертүү!

Шаардык билим берүү башкармалыгы балдарды 1-класска кабыл алууда бир да мектеп акча албашы керектигин эскертти. 2017-жылы 14-июнунда бул боюнча атайын буйрук чыгып, окуучудан акча алууга тыюу салынган. Эгер ата-энелер мындай фактыларга туш болсо, 61-00-91 телефондоруна кайрылса болот.

Баланы 1-класска кабыл алуудагы керектелчү документтер:

— ата-эненин мектеп жетекчилигинин атына жазган арызы;

— баланын туулгандыгы тууралуу документи;

— баланын апасынын же атасынын паспортунун көчүрмөсү;

— баланын ден соолугу тууралуу маалымдама (форма 26);

— баланын эмделгени тууралуу маалымдама (форма 63);

— баланын мектепке кирердеги ден соолугу тууралуу маалымдама;

— 3x4 сантиметр өлчөмүндөгү сүрөт;

— жашап жаткан жеринен маалымдама.

Балаңызды 1-класска киргизүүдө жана башка билим берүү тармагында көйгөйлөр жаралып жатса, Sputnik Кыргызстан агенттигинин news@sputnik.kg дарегине кат жолдоп же WhatsApp же Telegram тиркемелериндеги +996 706 566 544 номери аркылуу байланышыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0