Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Кыргызстан таштандыга көмүлүп калды. Активисттер өлкөнү тазалоого чакырууда

Жазылуу
Жыл сайын 5-июнда айлана-чөйрөнү коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленет. Активисттер Кыргызстан кантип тазаланып жатканын жана бул жылга кандай иш-чаралар белгиленгенин айтышты.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Кыргызстанда өлкөнү тазалоо боюнча акция өтөт. Бул тууралуу "Эко Деми" коомдук фондусунун өкүлү Айжан Чыныбаева Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборундагы жыйында билдирди.

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Эко Деми" коомдук фондусунун өкүлү Айжан Чыныбаева
Пресс-конференция Кыргызстан утопает в отходах. Активисты призывают помочь с уборкой мусора - Sputnik Кыргызстан
"Эко Деми" коомдук фондусунун өкүлү Айжан Чыныбаева

Жалпы тазалоо иштери 15-сентябрда өтүп, коомдук фонд тарабынан уюштурулуп жатат. Активисттер кайдыгер болбогон жарандарды акцияга катышууга үндөйт.

"Эгер биз экологияны азыр коргобосок, балдарыбыз таза аба менен дем ала албай калат. Биз көптөгөн акция өткөрдүк, ага 30 миңден ашык киши катышты. Эгер бул ишке жоопкерчилик менен мамиле кылсак, жыйынтыгы тез арада эле билинет", — деди Чыныбаева.

"Жашыл билик" коомдун фондусунун директору Дмитрий Андреев өлкөнү тазалоо акциясы башталганга чейин Ысык-Көл облусунда эки иш-чара өтөрүн айтып берди. Биринчиси 21-22 июлда, экинчиси 25-26-августта өтүп, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналат.

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Жашыл билик" коомдун фондусунун директору Дмитрий Андреев
Пресс-конференция Кыргызстан утопает в отходах. Активисты призывают помочь с уборкой мусора - Sputnik Кыргызстан
"Жашыл билик" коомдун фондусунун директору Дмитрий Андреев

"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында Ысык-Көлдүн айланасын тазалап, туристтер көлдү таза көрүшүн каалайбыз", — деди Андреев.

Активисттер иш-чарага убакыт өткөн сайын көп киши катышып жатканын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0