Кытайдын CCTV телеканалы Көчмөндөр оюндарын чагылдырат

© Sputnik / Табылды КадырбековНациональные игры салбуруун в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын
Национальные игры салбуруун в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Телеканал маданий иш-чара боюнча промо-роликтерди дагы көрсөтөт.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Кытайдын CCTV телеканалы Дүйнөлүк көчмөндөрдүн үчүнчү оюндарын чагылдыра турганын КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Министрдин орун басары Айнура Темирбекова CCTV телеканалынын директору Цзян Хэпин менен сүйлөшкөн. Көчмөндөр оюндарын чагылдыруу чечими ШКУнун Пекинде көткөн биринчи медиа-саммитинин жүрүшүндө кабыл алынган. 

© Фото / пресс-служба Минкультуры КРМинистрдин орун басары Айнура Темирбекова CCTV телеканалынын директору Цзян Хэпин менен сүйлөштү
Освещение III Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
Министрдин орун басары Айнура Темирбекова CCTV телеканалынын директору Цзян Хэпин менен сүйлөштү

Телеканалдын директору дүйнөнүн 140 жеринде кабарчылары бар экенин айтып, беш тилде жаңылыктарды жарыялай турганын билдирген. Ошондой эле каналдын социалдык тармактардагы баракчаларына 63 миллиондон ашык киши жазылганын кошумчалады.

CCTV телеканалы Кыргызстанга атайын тартуучу топту жибергенден тышкары промо-роликтерди CCTV-русский телеканалынын эфиринен көрсөтүп жана социалдык тармактагы баракчаларына жайгаштыра турган болду.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 2-8-сентябрда Ысык-Көлдө өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0