Турусбекова: ата-энеси бар туруп 11 миң бала интернатта тарбияланууда

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүБалдар үйүндөгү өспүрүм. Архив
Балдар үйүндөгү өспүрүм. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис абалды өзгөртүш үчүн социалдык кызматкерлер жакшы иш алып барышы керектигин айтат.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. ЮНИСЕФтин социалдык саясат программасынын адиси Гүлсана Турусбекова 11 миңден ашык бала мамлекеттин кароосунда экенин Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.

© Sputnik / Максат ЭлебесовЮНИСЕФтин социалдык саясат программасынын адиси Гүлсана Турусбекова
Специалист программы социальной политики ЮНИСЕФ Гульсана Турусбекова - Sputnik Кыргызстан
ЮНИСЕФтин социалдык саясат программасынын адиси Гүлсана Турусбекова

"Бул балдардын 95 пайызынын ата-энелери тирүү. Абалды өзгөртүш үчүн социалдык кызматкерлер жакшы иш алып барышы керек. Ар бир учурду жеке түрдө карап, баланын муктаждыктарын баалап, аны социалдык жактан коргоо зарыл", — деди Турусбекова.

Анын айтымында, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн маселесин системалуу түрдө чечкенде гана мындай үй-бүлөлөр мамлекет тарабынан сапаттуу колдоо алып баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0