Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен баланын сөөгү табылды

Жазылуу
Издөө иштерине жалпы жонунан ӨКМден 35 киши тартылган.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 11 жаштагы баланын сөөгү табылганын ӨКМ билдирди.

Эскерте кетсек, кырсык 2-июнь күнү болгон.

"Издөө иштерине жалпы жонунан ӨКМден 35 киши тартылган. Баланын сөөгү 4-июнь күнү саат 8.35терде табылды", — деп айтылат маалыматта.

Куткаруучулар сөөктү туугандарына өткөрүп бергени айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0