Өзүм үчүн төрөп алгам, бирок, кызым мени жек көрүүдө. Бишкектик айымдын муңу

© AP Photo / Pavel GolovkinПриют для женщин, пострадавших от домашнего насилия в пригороде Москвы
Приют для женщин, пострадавших от домашнего насилия в пригороде Москвы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстандын "Психолог менен баарлашуу" рубрикасында жарандар кабылган кыйын абал жана кырдаалдын каарына кантип туруштук берүү туурасында сөз болот.

Азыр 50 жаштамын, жыйырма жыл мурун өзүм үчүн төрөп алууну чечкем. 30га толгонумда өмүрлүк ашыгымды жолуктурбасымды билип, өз тагдырымдын чылбырын өзүм колго алышым керектигин аңдадым, антпесе, биологиялык саатым да чыкылдай берген.

Бишкекский дом-интернат для престарелых - Sputnik Кыргызстан
Кемпиримдин ордун бала толуктай албайт экен. Жесил абышканын арманы
Дос балам менен андан бала төрөп алып, өзүм чоңойтом деп макулдаштым. Ал кишиден болгону урук суюктугу жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүккө атасынын аты гана керек эле. Досум сунушка каршы чыкпады, бир жылдан кийин кыздуу болдум.

Кийин өтүнбөсөм деле өзү үй-бүлө күткөнчө бала менен көрүшүп, сүйлөшүп турду. Болбосо, мага баары бир эле, мен жашоомдун бир маңызы болсун, өлгөнүмдө батиримди таштарга киши болсун деп өзүм үчүн гана төрөп алгам.

Кызымдын атасы үй-бүлөлүү болду, аялы байланышыбызга каршы болду, мен унчукпадым. Кызым экөөбүз жакшы жашадык, бири-бирибиз менен мамилебиз да дурус эле. Чоңойгон сайын атасын сурай баштады. Атасына керек эместигине санаа тартып, 15 жыл байланышпаганын, турмушунан, жашоосундагы жетишкендиктер, оош-кыйыштарынан кабар албагандыгы үчүн аны айыптоого өттү.

Анын эч качан атасы болбогонун, аны төрөп алышым үчүн ал киши болгону өз уругун гана бергенин айтып бердим. Бирок, мындай ачык сөз да аны ынандыра албады.

Кызым аны таап, үйүнө барыптыр, албетте, мунун аягы жакшы бүтпөдү. Аялы кызыма жаалданат. Атасына баары бир да, дым дебейт. Анан ал атасы болууну каалабаганын, болгону ал жарык дүйнөгө келиши үчүн урук суюктугун гана бергендигин, ал эми дооматтарынын баарын мага – апасына коюшун айтат.

Питейные заведения Москвы - Sputnik Кыргызстан
Балам жапжаш туруп ичкиликке ооп кетти... Арактын азабын тарткан эненин бугу
Кызым үйгө ызага муунуп, көз жашы көл болуп кайтты. Кайсы бир жерде аны жакшы көргөн атасы күтүп жүргөнүн элестетип, таттуу кыялдарга батып алган көрүнөт кыз, бирок, андай эмес болуп чыкты. Баарынан да ичимди ачыштырганы – ал мени күнөөлөөдө. Айыптап, жек көрүп жатат. Азыр аны менен тил табышуу кыйын болууда, ата менен эненин ордун тең толтурууга канчалык аракет кылганым менен майнап чыкпады.

Чөйчөк суу теориясын билесиздерби? – Карыган кезде баккан бирөө болсун деп өзүң үчүн төрөп алганың. 30 жашымда балким ушундай ой жүгүрткөн окшойм. Азыр ошондо катачылык кетиргенимди түшүнүп, бирок, кантип оңдоону билбей турам. Эмне кылам? Кызым менен мамилени түздөгүм келет, бирок, ал мен аны колдонгондой кабылдап, жек көрүүдө.

Екатерина Борченко, психолог: Сиздин баяныңызда ыза, көңүл ооруткан санаа көп. Анда кызыңызга карата жоопкерчилик, камкордук, ал күткөндү бере албай калганыңыз үчүн өзүңүздү айыптоо сезими да бар.

Бүгүн кызыңыз — бойго жеткен, өз алдынча жашоосун улай ала турган куракта, бирок, качандыр бир ал үчүн сиз чечим кабыл алгансыз. Азыр анын жашоого болгон көз карашын кабыл алуу маанилүү. Ал ачууланууга, атасынын ага көңүл бурушун талап кылууга акысы бар. Атасы болуу, урук берүү чечими ал кишинин аң-сезимдүү, мажбурлабаган чечими болгон.

Адамда эркек жана аял тарабы – Инь жана Янь тең салмакта болууга тийиш. Кыздар ар дайым аны жакшы көргөн, камкор атанын образын эркектерден издөөгө умтулат, бул кадыресе эле көрүнүш.

Телефон кармап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күйөөм эмес, WhatsApp менен жазышкан жигит жакын сезилет. Келиндин жан сыры
Сиздин эне катары вазыйпаңыз – чүрпөңүздүн азыр азап тарттырып жаткан кыйынчылыктарды жеңе билүүсүнө көмөктөшүү. Ал бир керексиз буюм катары эместигин, сиздин жашооңуздун баалуу, маанилүү бир бөлүгү экенин көрсөтүңүз. Аны менен бирге эле кызыңыз өз алдынча ой жүгүрткөн киши экендигин эске алып, ачууланышына да жол бериңиз. Буга анын акысы бар. Ачууланганын туура кабылдап, жыйырма жыл мурун кандай кабатырланганыңызды айтып бериңиз. Жан дүйнөнү ачып баарлашуу ортодогу эмоционалдык байланышты жакшыртып, үйгө тынчтыкты кайтарат.

Ал эми мындай кадам натыйжасын бербесе, кызыңызды шаштырбаңыз. Демек, ага баарын калчап, дүйнөнү ушул калыбында кабылдоого убакыт зарыл. Атасынын ордун толуктай албайбыз, бирок, кандай өмүр сүрүүнү ал өзү гана тандайт.

Эгер "Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын алкагында бугуңузду чыгарып, кеңеш алгыңыз келсе, news@sputnik.kg дарегине "Адиске анонимдик кайрылуу" деген белги менен кат жолдоңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0