"Манас" эпосу англис тилине которулуп, Amazon аркылуу сатылууда

© Фото / предоставлено Акылай БайматовойКыргызстандык Акылай Байматова жазуучу Мар Байжиевдин версиясындагы "Манас" эпосун англис тилине которуп, китеп кылып чыгарды
Кыргызстандык Акылай Байматова жазуучу Мар Байжиевдин версиясындагы Манас эпосун англис тилине которуп, китеп кылып чыгарды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Манас" эпосун англис тилине бир нече жылдан бери АКШда жашап жүргөн кыргызстандык котормочу которгон. Бул үчүн ага эки жыл сарптаган.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызстандык Акылай Байматова жазуучу Мар Байжиевдин версиясындагы "Манас" эпосун англис тилине которуп, китеп кылып чыгарды. Бул тууралуу котормочу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

© Фото / предоставлено Акылай БайматовойКыргызстандык Акылай Байматова жазуучу Мар Байжиевдин версиясындагы "Манас" эпосун англис тилине которуп, китеп кылып чыгарды
Издание эпоса Манас на английском языке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык Акылай Байматова жазуучу Мар Байжиевдин версиясындагы "Манас" эпосун англис тилине которуп, китеп кылып чыгарды

Байматова 15 жылдан бери Флорида штатында жашап, жергиликтүү билим берүү борборлорунун биринде эмгектенет. 

"Өз өлкөмө салым кошоюн деген максатта биздин байлыгыбыз болгон эпосту эң маанилүү тилдердин бирине которууну чечтим. Менин эмгегим Кыргызстан тууралуу Америкада гана эмес, дүйнөнүн башка мамлекеттеринде дагы билүүгө шарт түзөт деп үмүттөнөм", — деди ал. 

Байматова эпосту которуу алгач татаалыраак болгондуктан, ар бир бөлүгүнө терең сүңгүп кирип, атургай аскердик стратегияларды изилдөөдө туура келгенин айтты. 

Ошондой эле жазуучу ар бир эпизодду которуп бүткөндө жергиликтүү окуу жайлардын биринде иштеген редакторуна көрсөтүп, аны менен талкуулап турган. Мындан ташкары, чыгарманын автору Мар Байжиев менен макулдашкан. 

© Фото / предоставлено Акылай БайматовойЖазуучу ар бир эпизодду которуп бүткөндө жергиликтүү окуу жайлардын биринде иштеген редакторуна көрсөтүп, аны менен талкуулап турган
Издание эпоса Манас на английском языке - Sputnik Кыргызстан
Жазуучу ар бир эпизодду которуп бүткөндө жергиликтүү окуу жайлардын биринде иштеген редакторуна көрсөтүп, аны менен талкуулап турган

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Байжиев менен байланышканда, ал котормочунун эмгеги менен таанышканын тастыктады.

Выпуск комиксов по мотивам эпоса Манас - Sputnik Кыргызстан
"Манас" эпосу боюнча комикстер тартууланды. Сүрөт
"Анын демилгесин колдогом. Которулган китепти Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын макулдугун алуу үчүн алып барганбыз. Алар дал ушундай китептен 500 нуска басып чыгарып, окуу жайларга таратабыз деп айтышкан", — деди Байжиев.

Ал ортодо Байматованын китеби Amazon интернет-дүкөнүндө сатыкка чыкты. Баасы 19.99 доллар.

Келечекте Байматова Алыкул Осмонов, Аалы Токомбаев жана Чыңгыз Айтматовдун эмгектерин которууну пландап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0