Балдардын психоневрологиялык үй-интернаттарын курууга 136 млн. сом жумшалат

© Sputnik / Евгений Самарин / Медиабанкка өтүүСергей Собянин ознакомился с ходом ремонта школы №1241
Сергей Собянин ознакомился с ходом ремонта школы №1241 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акча ушул айда бөлүнөт.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Финансы министрлигине бир катар социалдык объектилердин курулушуна 136 миллион 344 миң 400 сомду убагында бөлүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага Жалал-Абад балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин реабилитациялык корпусу, Беловодское балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин негизги корпустары капиталдык оңдоодон өтүп, реабилитациялык корпусу курулат.

Детская областная больница Калининграда - Sputnik Кыргызстан
Балдар ооруканага колунан жаракат алып көп кайрылышат
Жалал-Абад балдар психоневрологиялык үй-интернатынын реабилитациялык корпусунун курулушуна – 67 миллион 309 миң 500 сом, ал эми Беловодское балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин имаратынын курулушуна 69 миллион 34 миң 900 сом сарпталышы керек.

Пландаштырылгандай, аталган обьектилердеги курулуш иштерин каржылоо июнь айынан тарта башталат.

Жалал-Абад балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси 1970-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө бул жерде 5-18 жашка чейинки 116 бала жашайт, анын 70и балдар, 46сы кыздар.

Беловодское балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси 1935-жылдан бери иштеп келет. Учурда мында 230 бала тарбияланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0